Шестов Лев

Википедия дан

Шестов Лев, Лев Исаакович Шварцман (1866–1938) – орус диний философу ж-а жазуучусу. Сорбоннада профессор (1920); рационализмге каршы турган экзистенциалисттик багыттагы окумуштуу.

Ал салттуу философияны кайра карап чыгууга аракеттенүү м-н, негизги көңүлдү субъектке бурууну талап кылган. Паскаль, Кьеркегор, Достоевскийлердин, идеясынын нугунда салттуу рационалисттик философия м-н кайым айтышка чыккан. Шестовдун пикири боюнча, логос идеясы м-н байланышпаган Кудай «жакшылык менен жамандыктан сырткары турган» чексиз кубаттуу эрктин идеалы болуп саналат. Философиялык парадокстар м-н учкул ойлордун мыкты чебери катары ал академиялык ой жүгүртүүнү катуу сынга алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8