Шестопал, Виктор Арнольдович

Википедия дан

Шестопал, Виктор Арнольдович (1936-ж., Казахстан, Петропавловск шаары) – скульптор. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. Одесса көркөм сүрөт окуу жайын (1956), Ташкен театр-сүрөт институтун (1965) бүтүргөн. 1958-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1970). Станоктук жана монументалдуу скульптура тармагында иштейт. Тематикалык композицияларды, замандаштарынын портреттеринин циклдарын, монументалдуу искусствонун чыгармаларын жараткан. Ш-дын чыгармачыл жетишкендиктеринин себепкери – натураны абдан көңүл буруп изилдешинде жана ар кандай скульптуралык материалдар (таш, жыгач, металл, керамика) менен иштешинде. 1967-ж. М. В. Фрунзенин (алюминий) фигурасын анын мемориалдык музейинде орноткон. Ш. Кыргызстандын бир катар белгилүү адамдарынын скульптуралык галереясын жараткан. Белгилүлөрү: академик И. Ахунбаевге арналган “Хирург” (1966), актриса Б. Кыдыкееванын портрети (1974), скульптор О. Мануйлованын (1974), “Жип ийирүүчү Нурманбетова”, (1977). 1978-ж. Кыргызстандын сүрөтчүлөр тобу менен Кичи Жерде болуп, чогултулган материалдардын негизинде “Причалда” (1979), “Советтер Союзунун Баатыры Кичи Жердеги десанттын командири Конкинге” (1979) жана башка Ш-дын монументалдык скульптура жанрындагы чыгармачылык жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге Токмок шаарында орнотулган “Эстелик” (1975), “Советтер Союзунун Баатыры Конкинге эстелик” (1979), “Академик К. Скрябинге эстелик” (1982) кирет. Ш. Москвадагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн коло медалы (1974), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1982) менен сыйланган. 

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]