Мазмунга өтүү

Ширбудун ордосу

Википедия — ачык энциклопедия
Ширбудун ордосу
Курулган жылы

1870

Ширбудун ордосу — Бухара эмирлеринин саясий резиденцияларынын бири. Ордо Бухара эмирлигин башкарган Амир Музаффар хандын (1860–1885) жана Амир Абдулахад хандын (1885–1910) мезгилинде курулуп бүткөрүлгөн[1][2].

1870-жылдары жыгач устасы Абдурасул, ылай менен иштөөчү Рахим Хаятовдун жана башка усталардын катышуусу менен Ширбудунга жакын жерде хан сарай, мечит, бассейн сыяктуу имараттар курулган. Имараттын сырты ирандык жана европалык архитектуранын белгилерин камтыган[1]. Сарай негизинен элчилерди тосуп алуу, жарманкелерди жана түрдүү майрамдарды өткөрүү үчүн пайдаланылган.

Ширбудун ордосу европалык дизайндагы эмеректери жана люстралары менен өзгөчөлөнүп турган. Бухара эмири Амир Абдулахад хандын тушунда комплекске кошумча бөлмөлөр жана оюн-зоок залы курулган[2]. Ордо бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган эмес.

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ширбудун деген сөз Шербудин, Ширбадан деп да айтылат жана бул сөздөр мааниси жагынан таптакыр башка болуп бири-биринен айырмаланып турат. Ширбадан деген сөз перс тилинде Шир - сүт, бадан - дене дегенди билдирет. Ширбудун деген сөз Шир калкы же Шир эли дегенди билдирет. Шир, Чир, Сир сыяктуу ысымдар байыркы түрк элдеринин биринин аттары болуп, «Сир Будун», башкача айтканда, «сырдын эли» дегенди билдирет.

Ширбудун ордосу Бухара эмирлигин башкарган Амир Музаффар хандын (1860–1885) жана Амир Абдулахад хандын (1885–1910) мезгилинде курулган[1][2]. 1870-жылдары жыгач устасы Абдурасул, ылай менен иштөөчү уста Рахим Хаятовдун жана башка усталардын катышуусу менен Ширбудунга жакын жерде хан сарай, мечит, бассейн сыяктуу имараттар менен курулган[1]. Ордо Бухара регистанынан болжол менен 3 верст же 4 км алыстыкта жайгашкан[1], Жаңы Бухара жолунда бийик дубал менен курчалган[3]. Амир Музаффархан ордодо сыйлуу конокторду, элчилерди тосуп алуудан тышкары үйлөнүү үлпөттөрүн, элдик майрамдар, түрдүү иш-чараларды өткөргөн. Майрамдарда 500гө чейин чатырлар курулуп, ар кандай жарманкелер өткөрүлгөн[4]. «Таржимон» гезитинде берилген маалыматка караганда, 1897-жылдын 9-15-март күндөрү сарай бакчасында майрам уюштурулуп, ар кандай шоу жана оюндар менен иш чара өткөрүлгөн[5].

Бухара эмирлигинин ордосунун тарыхчысы Мырза Абдулазим Сами “Мангыт султандарынын тарыхы же Бухара хандыгынын кризиси” аттуу китебинде мындай деп жазат:

« Кудреттуу эмир (Бухара эмири Амир Абдулахад Хан) хижрий 1303-жылы (1885-1886-ж.) өзүнүн атасын ордуна Бухара эмирлигинин тактысына отуруп, ата-бабалары сыяктуу эле он жылга жакын убакыттан бери эмирлик килеминде өз бийлигин жүргүзүп келет. Ал убактысынын көбүн Бухарада, ордодо, Ширбудин жана Ситораи Мохи Хоса көлмөлөрүндө өткөрөт[6]. »

Мухамад Али Балжувани «Тарых Нофейи» аттуу эмгегинде Бухара эмирлигинин өкүмдарларынын сарайлары жана чарбактары жөнүндө:

« Өкүмдарлар ордодо эс алуу үчүн чиновниктер менен келишти. Карши, Шахрисабз, Бухара райондорунда өзгөчө жерлер көп. Ар кандай чарбактар курулган жана башка жерлерде сепилдер бар[7]. »

Тажик жазуучусу Садриддин Айний өзүнүн «Эстеликтер» китебинде Ширбудун ордосу жана Чарбагы тууралуу мындай деп жазган:

« Ширбадандагы негизги аллея Амир чарбогинын алдынан өткөн чоң жолдун эки тарабында жайгашкан эле. Шаардан чыгып баратканда сол жакта айланасы дубал менен курчалган аянты бар болчу, аны чил таноби деп аташкан, анын чоң дарбазасы бар. Бул курчалган аянтта жума мечити, чавки (майрам уюштуруучу аянттар) жана театрлар жайгашкан, аянттын башка бөлүктөрүндө эт сатуучу дүкөндөр жана ашканалар болгон. Бул аянттын аягы дарбаза аркылу чоң жолго алып барат болчу, бул жердин түштүк тарабында Амир бакчасынын дарбаза жолу жана бакчанын дарбазасынын капталында айван бар эле, бул жерди эл көрүп күзөтөт эле[8]. »

Ширбудун ордосуна Европадан эмеректер, люстралар жана башка жабдуулар алынып келинген. Амир Музаффар хандын мураскери Амир Абдулахад хандын мезгилинде ордонун курулушу улантылган. Бухара эмири Амир Абдулахад хандын тушунда бул комплексте бир нече сарай бөлмөлөрү жана эс алуучу зал курулган[2].

Комплекс 1920-1924-жылдары Бухара Элдик Советтик Республикасынын өсүмдүктөр инспекциясына өткөрүлүп берилген[9][10]. Ширбудун ордосу жана имарат турган жер бүгүнкү күнгө чейин сакталбай калган. Ордонун аймагында жаңыдан бакча түзүлүп, 1960-жылдары бактын аймагында Бухара облусунун суу чарбасынын имараты курулган. СССР ыдырап, Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан кийин бактагы бул имарат махалла жарандары кеңешине өткөрүлүп берилген[10].

Архитектурасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
20-кылымдын башында, Ширбудун ордосундагы эмирдин тактысы орнотулган зал. Прокудин Горскийдин түстүү сүрөтү.

Ширбудун ордосунун дубалдарын бийиктиги 10 метр, ал тегерек формадагы пакса дубал менен курчалган. Ал башка ордолор сыяктуу эле тегиз чатырлар, роза бадалдары, мөмөлүү даракттар, керемет бакчалардан турат. Комплекстин айрым имараттары жыгачтан, кээ бирлери кирпичтен жасалган[3].

Ширбудун ордосу бир канча кичинекей араб-перс стилинде кооздолгон бир нече бөлмөлөрдөн турган. Кээ бир бөлмөлөр дубал сүрөттөрү менен кооздолгон. Сарай бөлмөлөрүндө медальондордун ичиндеги сүрөттөрдүн үлгүлөрү чыгыш стилинде жасалгаланган. Ошондой эле күзгүлү бөлмөсү да бар болуп, анын бийиктиги 4 арш, дубалдары болсо рамкасыз айнек менен курчалган. Бөлмөдө француз килеми салынган жана потологунда француз колосундан даярдаоган люстра илинген. Ордо бөлмөсүнүн ортосундагы күмбөз араб оюмдары менен кооздолгон жана алтын суусу жүгүртүлгөн[11].

Ордодогу бир нече короолор ортосунда ак мрамордон жасалган фонтандуу бассейндери болгон[12]. Резиденцияда эмирдин элчилерин кабыл алуу үчүн кабылдоочу залы болуп, ар кандай стилде жасалгаланган жана эмеректер менен жабдылган, бөлмөнүн балкону болсо жыгач мамылар менен курчалган. Кабылдоочу бөлмөнүн төрүндө эмирдин такты жайгашкан болуп, бул такты Орус императорунун белеги болгон. Бардык бөлмөлөргө кымбат баалуу килемдер төшөлгөн[3].

Ширбудун ордосу ар кандай жасалгалар, атап айтканда, жыгачтан жасалган мамылар, верандалар жана кооз балкондор менен кооздолгон. Ордодо ошондой эле, гареми, бассейни, мончолору, кенен күмбөздүү бөлмөлөрү, фонтандары жана ички короонун айланасында бакчалары болгон[3].

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 Ремпель, 1981, p. 151
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 Шубинский, 1892, p. 118
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 Ole, 1911, p. 558
  4. Ремпель, 1981, p. 63
  5. Абдирашидов, 2011, p. 233
  6. Мирза Абдулазим Сомий, 1990, p. 146
  7. Муҳаммад Али Балжувоний, 2001, p. 36
  8. Aйний, 1966, p. 201
  9. Бухоро ахбори, 1923, p. 7
  10. 10.0 10.1 Baqoyev, 2021, p. 79
  11. Дмитрiева-Кавказскoго, 1894, p. 93
  12. Дмитрiева-Кавказскoго, 1894, p. 94