Ширван

Википедия дан

Ширван - Закавказьедеги тарыхый аймак жана мамлекет.

Азербайжандын түндүгүндө, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. 1516-кылымдарга чейин Шарван деп аталган. Негизги шаарлары Шемаха, Баку, Кабала, Шабран. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Ширван Кавказдык Албаниянын курамына кирип, борбору Кабала ш. (б. з. 6-кылымына чейин) болгон.

Б. з. 4-кылымында сасаниддердин таасиринде болуп, 5-кылымдын 2-жарымында - 6-кылымдын башында өз алдынчалыгын жоготкон. Ушул мезгилдерде аймакка көчмөн уруулар (савирлер жана хазарлар), түрк-хазарлар ж. б. кол салып турушкан. 654-ж. Ширванды арабдар каратып, 799-1538-ж. Ш-ды ширваншахтардын династиясы бийлеген. 14-кылымда фарсы тарыхчысы Хамдаллах Казвининин жазып калтырган маалыматы боюнча Ш-га Курдан Дервентке чейинки бардык жерлер (Бакуйа, Шамаха, Кабала, Фирузабад, Шабаран жана Гуштаефи) караган. Борбору Шемаха ш. болгон. 13-кылымдын башында монголдор кол салган. 15-кылымдын ортосунда Ширван дыйканчылыктын борбору болуп, жибек жана кездеме чыгаруу боюнча эл аралык соодада маанилүү роль ойногон. 1538-ж. Ш. Сефевиддер мамлекетинин провинциясы болуп калган. 1748-ж. Иран бийлигинен бошотулган соң, Ширван аймагында өз алдынча Ширван хандыгы пайда болгон. 1805-ж. Россияга бириктирилген. 1820-ж. хандын башкаруусу жоюлуп, орус администрациясы менен алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4