Ширгелиев Анарбай

Википедия дан

Ширгелиев Анарбай (1939, Мазарсуу айылы) - коомдук ишмер. Финансы кызматынын отличниги. Финансы-экономикалык техникумду (1962), КМУнун экономика факультетин (1972) бүтүргөн.

  • 1966-73-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик камсыздандыруу башкармалыгында кызматкер,
  • 1973-74-ж. Ысык-Көл облустук камсыздандыруу башкармалыгынын начальниги,
  • 1974-88-ж. Токтогул райондук финансы бөлүмүнүн башчысы,
  • 1988-93-ж. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары,
  • 1993-98-ж. Кыргыз мамлекеттик камсыздандыруу көзөмөлүнүн төрагасы.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы “Жал” кичи районунун аксакалдар кеңешин жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5