Ширендыб Базарын

Википедия дан

Ширендыб Базарын (монголча: Базарын Ширэндэв}} (15. 5. 1912, Монголия, Хубсугул аймагы, Бирваа-бейсе кошуну - 8. 4. 2001, УланБатор)) - моңгул тарыхчысы, коомдук жана мамлекеттик ишмер, тарых илимдин доктору (1960), академик (1961). 1942-жылдан моңгул элдик ревлык партиясынын (МЭРП) мүчөсү.

Иркутскдеги педагогика институтту бүтүргөн (1941). Монгол мамлекеттик университетинин ректору (1942-54), МЭРП БКнын секретары (1944-48), МЭРП БКнын саясий бюросунун мүчөсү (1953-57), МЭРдин Министрлер советинин төрагасынын 1-орун басары (1954-57), МЭР ИАнын президенти (1961-81). 1951-ж. Улуу элдик хуралдын депутаты, 1966-жылдан Улуу элдик хуралдын төрагасынын орун басары. Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү, СССР ИАнын чет өлкөлүк мүчөсү (1966). Ф. Жолио-Кюри атындагы тынчтыктын алтын медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4