Ширеңке

Википедия дан
Күйүп жаткан ширеңке

Ширеңке — күйүүчү материалдан жасалган талчалар, от чыгаруучу зат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химик Бертолле XVIII кылымдын соңунда өрт химиялык реакциянын натыйжасында пайда болоорун далилдеген. Эгерде, талчага хлорноватисталык кычкыл калийди куйса от чыгаары аныкталган. Ошентип дүйнөнүн туш тарабында ширеңке чыгаруу түйшүгү башталган. Акыры Шапсель аттуу адам 1812-жылы өзү күйө турган ширеңкени ойлоп тапкан. Шапселдин ширеңкелери сера менен бертоль тузу жана киновардын кошулмасынан чыккан суяктук талчанын башына тамызылып жасалган. Андан кийин да ширеңкенин күйө турган сапатын өркүндөтүү багытында изденүүлөр токтогон эмес. Биринчи "зыянсыз ширеңкелерди" 1851-жылы швециялык бир тууган Лундстремдер чыгарышкан. Мындан улам фосфорсуз шереңкелер узак убакытка чейин "швециялык" деп аталып келген.