Шифратор

Википедия дан

Шифратор - шифр чечмелегич машина; перфокартадан маалыматты визуалдуу окууну жеңилдетүүчү жардамчы перфорадиялык машина.

Шифратор перфокартадагы коддолгон тешиктер системасын чечмелеп, салыштырып санайт жана перфокартанын кандайдыр бир жолчосуна анын маанисин цифра же тамга түрүндө басат (жазат). Шифратор перфорациялык эсептегич комплектинин курамына кирет. Перфокартанын жогорку таза бетине жандырылган маалыматты бир жолу жазуу үчүн жана берилгендерди перфокарталардын арасына мамыча түрүндө мезгилдүү басуу үчүн да Шифратор колдонулат. Электр-механикалык Шифратор 1920ж-дын башынада АКШда жана Европада пайда болуп, 1980-ж-га чейин кеңири колдонулган. Андан соң, эсептегич техникада пайдаланылуучу шифрлер кенири тарала баштаган. Ошондой эле операцияларды аткарууда колдонулуучу программалык камсыздоо дагы Шифратор деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4