Шлих

Википедия дан

Шлих (нем. Schlich) - борпоң же атайын майдаланган тоо тектерди сууга чайкоодон алынган оор минералдардын (платина, алтын, вольфрамит, алмаз ж. б.) чогундусу; кен изилдөөнүн илгертен бери колдонулуп келген эң жөнөкөй ыкмасы.

Анын курамын физикалык жана химиялык үбөлөнүүгө туруктуу, тыгыздыгы 3000 кг/м3дея жогору келген минералдардын бүртүктөрү түзөт. Геологиялык иштердин максатына жана ыкмасына жараша: күрөн жана кара Шлих деп бөлүнөт. Күрөң Шлихте чайкоодон кийин кенташ минералдарына караганда башка тоо тек сыныктары (салыштырмалуу жеңил) басымдуулук кылса, кaрa Шлих кенташ минералдарынан турат. Чөкмөлөрдөн көптөгөн Шлих алуу менен кендин алгачкы пайда болгон тулкусун жана анын чачындысын табууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4