Шмелёв Михаил Петрович

Википедия дан

Шмелёв Михаил Петрович (22. 11. 1900, азыркы Бишкек - 1976, Кант району) - механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948).

1929-жылдан Кант районундагы Фрунзе атындагы колхоздо кант кызылчасын өстүрүүчү бригадага бригадир, башкы механик болуп иштеген. 1947-ж. ал тейлеген бригада 24 га аянттагы кант кызылчасынын ар гектарынан 817 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4