Шовинизм

Википедия дан

Шовинизм - (фр. chaufinisme, Наполеон Iнин басып алуучулук саясатын жактаган солдат Шовиндин ысымынан) – улутчулдуктун ашынган формасы. Шовинизм улуттук артыкчылыкты даңазалап, өз улутунун кызыкчылыктарын башка улуттардыкынан жогору коюп, улуттук негизде көрө албастыкты, келишпестикти күчөтөт. 1831-ж. Францияда бир тууган драматургдар Коньярлардын «Үч түстөгү кокарда» аттуу пьесасы жарыкка чыккандан кийин Ш. термини жаралган. Пьесанын башкы каарманы агрессивдүү мүнөздөгү аскер болгон. Анын прототиби реалдуу инсан – наполеондук гвардиянын ардагери , «улуу Франция» идеясына берилген Никола Шовин болгон. Ошондон баштап Ш. ашынган улуттук экстремизмди билдирүүчү түшүнүк катары кирди. Шовинизмдин дагы бир түрү – улуу державалык шовинизм. Ал мамлекетте башкы (державалык) абалга улуттун идеологиясы жана саясаты ээ дегенди билгизет. Бул өзгөчө көп сандуу элдерге мүнөздүү. Улуу державалык шовинизмдин башкы максаты улуттарга саясий, экономикалык жана маданий үстөмдүк жүргүзүү. Шовинизмдин тарыхтагы ашкере түрү – фашизм. Шовинизмди жоюу үчүн улутуна карабай адамдын укуктарын жана эркиндиктерин теңчиликте кармап; экономикалык, саясий жана маданий чөйрөлөрдө бардык граждандарга бирдей мамиле камсыз кылуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 435-б. ISBN 5-89750-150-5