Шокальский Юлий Михайлович

Википедия дан

Шокальский Юлий Михайлович (5(17). 10. 1856, Санкт-Петербург - 26. 3. 1940, Ленинград) - орус океанографы, географы жана картографы, СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1939; корр. мүчө, 1923).

Дениз академиясын бүткөндөн кийин Башкы геофизикалык обсерваторияда жана Башкы гидрография башкармасында иштеген. Аскер-дениз академиясынын (1910-30) жана Ленинград мамлекеттик университетинин (1925-жылдан) проф. Орус андан кийин СССР географиялык коомунун президенти (1917-31). Негизги эмгектери метеорология, гидрология жана картография боюнча. 1923-27-ж. Kapa (Кар)деңиздеги океаногр. экспедицияны жетектеп, Түндүк деңиз жолун изилдөө жана өздөштүрүү боюнча иш жүргүзгөн. Россиянын рельефинин картасын түзүү жана гипсометриялык материалдарды жыйнактоо иштерин жетектеген. A. А. Тилло менен бирдикте картометриялык иштердин методикасын иштеп чыгып, аны Россиянын түндүк азиялык бөлүгүнүн жерин жана башкы дарыялардын узундугун эсептөөдө колдонгон. Шокальский бир катар жалпы географиялык карталардын жана атластардын түзүүчүсү жана редактору болгон. Шокальскийдин атынан бир топ географиялык объект (Түндүк Жер а-дарынын аралыгындагы кысык, Обь булуңчасынын кире беришиндеги арал, Каркс кысыгындагы арал ж. б.) аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4