Артур Шопенгауэр
Артур Шопенгауэр (нем. Arthur Schopenhauer, 22-февраль 1788-жыл, Данциг, Пруссия — 21-сентябрь 1860-жыл, Майнадагы-Франкфурт, Германия) — немец философу, иррационализмдин алгачкы өкүлдөрүнүн бири. Ал Данцигде туулат. Анын үй-бүлөсү 1793-жылы Гамбургга көчүп келет, аны атасын жолдоп коммерсант болууга даярдашат. Алгач ал чынында да коммерциялык иштерди аткарат, бирок атасы өлгөндөн кийин бул иштен баш тартып, интеллектуалдык ишмердикке өтөт. Геттинген университетинде медицинаны окуйт, кийин аны философия кызыктырат. 1813-жылы ал өзүнүн «Жетиштүү негиз мыйзамынын төрт түрдүү тамыры жөнүндө» деген докторлук диссертациясын жазып бүтөт. Анын «Дүйнө эрк жана түшүнүк катарында» деген башкы эмгеги 1818-жылы жарыяланат. Шопенгауэр Канттын, Платондун, Шеллингдин таасирин башынан өткөргөн, айрыкча Кантты өтө жогору баалаган. Анын философиясы Гегелдин философиясына карата өзүнчө бир реакция катары жаралган. Шопенгауэрдин пикири боюнча, инсандын маңызын эрк түзөт, ал акыл-эске багыныңкы эмес. Бул эрк белгисиз нерсени каалоо, бул денелүү жандан, атап айтканда адамдан ажыратылгыс. Ал эрк недир бир космостук күчтүн, бүткүл бытиенин чыныгы маңызын түзүп турган дүйнөлүк эрктин көрүнүшү болуп саналат. Анын окуусунун өзгөчөлүгү — волюнтаризмде. Шопенгауэр Кантты ээрчип, «өзүндө нерселерди» жана кубулуштарды айырмалап бөлөт. Шопенгауэр үчүн өзүндө нерселер таанылып-билинет, ал эрктин да өзү. «Эрк» — бул ар кандай бытиенин башталышы, ал кубулуштарды, же «түшүнүктөрдү» жаратат. Бир эле убакта бири-бирисиз жашай албай турган «обьект» менен субьект жаралат. Органикалык жашоонун эң жогорку формасынын өнүгүшүнүн туу чокусу — адам. Адам таанымы иш-аракеттин жардамчы куралы катарында пайда болот. «Дүйнө түшүнүк катарында» аң-сезим менен кошо пайда болот. Ага бардык формалар: субьект жана обьект, мейкиндик жана убакыт, көптөгөн айрым жеке нерселер, себептик байланыштар сыяктуу формалар мүнөздүү. Эрк «өзүңдө нерсе» болуу менен, тааным субьектисине ачылып берет, бирок мунун шарты катарында биздин денебиз чыгат, биздин денебиз эрктин көрүнүшү болуп саналат, ушундан улам адам индивидуалдуулукка ээ болуп турат. Ошол эле убакта Шопенгауэр солипсизмди жиндилердин философиясы катарында четке кагат. Шопенгауэрдин оюнча тааным эки формада: түздөн-түз, интуитивдүү (дээр таанымы) тааным жана абстракттуу, рефлексивдүү (акыл-эс таанымы) формасында болот. Интуитивдик таанымды Шопенгауэр башкы тааным, буга рефлексивдүү тааным таянып турат деп эсептеген. Илим, Шопенгауэр үчүн, эркке кызмат кыла турган ишмердик. Эрктин кызыкчылыгы — бул практикалык кызыкчылыктар, илимдин максаты ошол кызыкчылыктарды канаттандыруу. Баамдап-байкоо гана өнүккөн тааным катарында чыгат, ал эрктин кызыкчылыгынан эркин турат жана практикага да эч кандай тиешеси жок. Байкап-баамдоонун (созерцания) тармагын илим эмес, интуицияга таянган искусствонун ар кандай түрлөрү түзөт. Интуицияга дүйнө «эрк» катарында, күрөш жана экиге ажырымдоо болуп тура турган чаалыкпас умтулуу катарында ачылат. Интуиция катарында, искусство катарында чыныгы тааным генийге гана ачылат. Искусство кайдыгер байкап-баамдоого негизденет. Искусствонун эң жогорку түрү — бул музыка, ал идеяларды чагылдырууга эмес, ошол эрктин өзүн түздөн түз чагылдырууга багытталып турат. Жогоруда айтылгандардын баары Шопенгауэрге эркиндик жана зарылдык жөнүндөгү өзүнүн окуусун аныктамалоого мүмкүндүк берет. «Өзүндө нерсе» боло туруп, эрк эркин турат, ошол эле убакта кубулуштар дүйнөсү зарылдык менен шартталып, жетиштүү негиз мыйзамына багыныңкы турат. Адам да кубулуштардын бири катарында эмпирикалык дүйнөнүн мыйзам-ченемдүүлүктөрүнө багынат. Ошондуктан, адамдын мүнөзү аны иш-аракетке козгой турган себептерге жооп кайтарууга тийиш, адам өз мүнөзүнүн кулу. Бирок, Шопенгауэр бул ой жүгүртүүлөрдөн келип чыга турган фаталдык корутундуларды четке кагат, анткени окуянын болору күнү мурдатан эле өзүнөн өзү белгиленип калбайт, ал ушул кубулуштан мурда жүрө турган себептүүлүктөрдүн тизмеги аркылуу аныкталат. Адамдын жашоо-турмушун Шопенгауэр каалоо жана канааттануу категорияларында карайт. Өзүнүн бүткүл жаратылышы боюнча каалоо — бул азап тартуу, анткени каалаган нерсе канааттандырылганда адам ток пейил болуп, адам эми өзүнүн Каалаганын канаттандырууга умтулбай калат да, өзү жетишкен нерсе менен ыракаттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ошентип, керектөө канааттандырылганда адам жадап, эриге баштайт, мындан Келип үмүт үзүлүү пайда болот. Бакыт дегенибиз — бул жыргал абал эмес, тескерисинче азап чегүүдөн кутулуу болуп саналат, бирок бул кутулуу кайрадан жаңы азап чегүүнү, көңүл чөгүүнү пайда кылат. Азап чегүү — жашоо-турмуштун дайымкы көрүнүшү, адам азап чегүүнүн анын конкреттүү көрүнүшүнөн гана кутула алат. Ошентип, дүйнөдө дүйнөлүк жаманчылык үстөмдүк кылып турат, ал жоголбойт, бакыт дегенибиз кыял гана, ал эми азап чегүү болбой койбойт, ал «жашоого болгон эрктин» өзүндө бугуп жатат. Мына ошондуктан Шопенгауэр үчүн оптимизм — бул жөн гана адамдын азап чегүүсүн келекелегендик. Өз учурунда Лейбниц жашап турган дүйнөнү мүмкүн болуучу дүйнөлөрдүн ичинен эң мыктысы деп атап, оптимизм теориясын аныктамалаган эле. Шопенгауэр, тескерисинче, жашап турган дүйнөнү «мүмкүндөрдүн ичинен эң начары» деп атаган., Жаманчылыктан кутулуунун жолун Шопенгауэр аскетизмден көрөт, бул өмүр менен кошо дүйнөлүк эрк жок Кылынганда келет, анткени дене эрктин көрүнүшү болуп саналат. Эрк жок кылына турган болгондон кийин бүт калган дүйнө да жок болот, анткени обьектисиз субьект жашай албайт. Шопенгауэр күч колдоно турган полициялык Мамлекеттин тарапкери болгон. Ал мамлекеттик акциялар өзүмчүлдүк менен аракеттенген көптөгөн адамдар тарабынан жарала турган зыяндуу натыйжаларга каршы багытталган деп ойлогон. Шопенгауэрдин пессимисттик философиясы анын тирүү кезинде ийгиликке ээ боло алган эмес. Шопенгауэр өзүнүн лекциясын Гегель лекция окуган убакта дайындаганда анын лекциясына эч ким келген эмес. Шопенгауэрдин көз караштары XIX кылымдын экинчи жарымында гана таралып, турмуш философиясынын калыптанышына булак болуп калган. Ошол учурда пессимизм Менен скептицизм өзүнчө бир философиялык мода болгон. Ошондо Щопенгауэр акыл-ойдун өкүмдарына айланат. Шопенгауэр Р.Вагнерге, Э.Гартманга, Ф.Ницшеге жана башкаларга таасир көрсөткөн. Ал иррационализмге, интуитивизмге жана прагматизмге жол салган. Бирок, азыркы убакта да анын чыгармалары, айрыкча «Күндөлүк турмуш акылмандуулугунун афоризмдери» колдон түшө элек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine