Шоппер маркетинг

Википедия дан

Шоппер маркетинг – (англисче: shop (дүкөн)) деген сөзүнөн алынган. Шопперлер – сатып алуучуну соода түйүндөрүнө коштоп барып, модага жараша кийим тандашат. Бул кесип Голливудда жаралып, анын ролун азыркыга чейин көбүнчө стилист, визажисттер аркалап келишет. Алар дүкөндөрдө эмнелер сатылып жатканынан кабардар болуп турушат. Кээси өз алдынча иштешсе, айрымдары атайын агенттиктерге иштешет. Кыскасы, шоппер – гардеробго байланышкан маселени чечүүчү адам. Анын кызматынан көбүнчө байлар жана атактуулар колдонушат. Орусияга 5-6 жыл мурун жеткен бул кесип бизге азырынча келе элек. Ага чейин бизге курбубуз, эже-сиңдибиз же ага-инибиз шоппер боло турсун.