Шприц-тюбик

Википедия дан
Шприц — тюбикти пайдалаиуу ыкмасы: 1 — ийнени идиш — корпуска бурап бекитүү; 2— ийнени жаап турган калпакты алып салуу; 3— териге сайып, дарыны куюу.
Шприц — тюбиктин түзүлүшү: 1—суюк дарысы бар пластмасса идиш — корпус; 2— пластмасса алкагы; 3— ийне — пластмасса башы; 4 — ийнени жаап турган калпакчасы; 5— ийнеси.

Шприц-тюбик Булчуңга же тери алдына стерилдүү дары эритмелерин бир жолу куюу үчүн колдонулат.

Экспедиция убагында, табигый кырсык болгондо, душмандар массалык жабыркатуучу курал колдонгондо адам өзүнө жана бири-бирине жардам берүүдө пайдаланылат. Көбүнчө аңы менен ооруну басаңдатуучу, ошондой эле ууланууда антидоттор, нерв системасын козгоочу дарылар куюлат. Шприц-тюбик пластмассадан жасалган корпустан, ийнеден жана аны бузулуудан жана стерилдүүлүгүн сактоочу калпакчадан турат. Аны пайдалануу үчүн оң кол менен тулкусун кармап, сол кол менен алкагын сааттын жебеси боюнча аягына чейин буруп ачат. Анан ийненин калпакчасын алып, Шприц-тюбикти өйдө каратып кармап ийненин учунда тамчы пайда болгончо анын корпусун басып ичиндеги аба чыгарылат. Ийнеге колду тийгизбей колдун, сандын жумшак этине же жамбашка матырып киргизип, дарыны сыгып жиберет. Сайган жерге йод сыйпап койсо болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8