Шри-Ланкадагы жардыруулар (2019)

Википедия дан
Шри-Ланкадагы жардыруулар
Чабуул болгон жер

 Шри-Ланка
Чиркөөлөр:

Ыйык Антония, Коччикаде

Ыйык Себастьян, Негомбо

Ыйык Сиона, Баттикалоа

Мейманканалар:

Shangri-La, Коломбо

Cinnamon Grand, Коломбо

Кингсбери, Коломбо

Tropical Inn, Коломбо

Турак жай комплекси:

Дематагода

Датасы

21-апрель 2019-жыл
08:00–08:45 — биринчи 6 жардыруу 14:10 — Tropical Inn мейманканадагы жардыруу 14:10 жана 15:20 — Турак жайдагы жардыруу (UTC+5:30)

Куралдары

Шахида куру

Каза болгондор

253+ [1]

Жаракат алгандар

500 (болжол менен)

Террорчулар

9

Уюштуруучулар

 Ислам мамлекети

Шектүүлөр

59 адам

Шри-Ланкадагы жардыруулар — 21-22 -апрель күнү Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгон. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, 7-жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми 8-жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде жарылган. Натыйжада 250 адам каза болуп, 500дөн ашык адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

26-апрелдеги жардыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шри-Ланкада 26-апрелде дагы 3 жарылуу орун алган. Жарылуу өлкөнүн чыгыш тарабындагы Калмунай шаарында болгон. Жанкечтилер жашырынып жаткан аймакты тазалоо үчүн күч органдары атайын операция жүргүзүп жаткан учурда, бир нече адамдар өздөрүн жардырып жиберген. Жарылуу болгон жерлерден "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун символдору түшүрүлгөн кийимдер, желектер жана жарылуучу заттар табылган.

  1. Там погибли целые семьи. Кто они, жертвы взрывов на Шри-Ланке?. TUT.BY (26 Апрель 2019). Текшерилген күнү 26 Апрель 2019. Түп булактан архивделген күнү 25 Апрель 2019.