Штихель

Википедия дан

Штихель, кескич (немисче stichel) – гравюра техникасында, айрыкча кесилме гравюра менен ксилографияда кеңири колдонулган болот аспап. Ш. кыска туткага орнотулган жука миздүү ромб, шынаа сыяктуу жарым сүйрү кесилиштеги, кыйгач кесилген учу бар аспап түрүндө болот. Негизинен каалаган форма менен узундуктагы тереңдетилген линия жана штрихтерди аткарууда колдонулат. Бул аспаптын эң көп колдонулган түрү эң ичке линияларды түшүрүүдө колдонулуучу грабштихель эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]