Штольня

Википедия дан

Штольня (нем. Stollen - столб) - жер астындагы тоо-кен иштерин тейлөө үчүн өткөөлдөнгөн жер бетине түз чыгуучу горизонталь же жантык тоо-кен казылмасы.

Штольня чалгындоочу жана эксплуатациялык (кен казылуучу), шамалдатуучу, СУУ чыгаруучу, кен ылгоочу ж. б. болуп бөлүнөт. Тоолуу аймактарда кен ачуучу негизги казылма болуп саналат. Штольнянын туура кесилишинин өлчөмү негизинен ага салынуучу жолдун саны, вагонетканын өлчөмү, киши өтүүчү көңдөйдүн чоңдуктары менен аныкталат. Кендүү катмар жука келсе Штольня кен тулкусунда, анын созулуу багыты боюнча өткөөлдөнөт. Калың катмарлуу кендерде Штольня кен тулкусуна жарыш жайгаштырылып, андан кенди көздөй квершлагдар казылат.

Штольнядан жогору жаткан кен бир нече кабаттарга бөлүнүп, 2 түрдүү жол менен казылып алынат:

1) кен тулкусу жер бетине жакын жайгашса, ар бир кабат өз алдынча Ш. менен ачылат. Кен тулкусунун созулуу багыты боюнча кен ачуучу штольнянын схемасы: 1 - тоо тек аркылуу, кен тулкусун жандай өткөөлдөнгөн башкы штольня; 2 - сыртка ташылып чыккан тоо тектердин үймөгү; 3 - кен тулкусу аркылуу өткөөлдөнгөн кабат штольнялары; 4 - кенташты сыртка чыгаргыч; 5 - квершлаг. шып кирүү, тоо тектерди ташып чыгаруу жана кенчилердин кирип-чыгуусу үчүн да кызмат кылат;

2) кен тулкусу жер бетинен алыс жатса, кен эң төмөн жайгашкан башкы Ш. менен гана ачылат да, андан жогору жаткан кендүү кабаттар өрдөмө казма же шахта туюк стволдору менен ачылат. Алардан казылып алынган кен бир нече кенташ түшүргүч менен башкы Ш-га түшүрүлөт. Штольнянын оозу жазгы жана катуу жаан суусу каптап кетпегендей жерде жайгаштырылат. Штольнянын оозуна жакын жер бетиндеги аянтча зарыл болгон курулмаларды жайгаштыргандай жана транспорттун келип-кетүүсүнө ыңгайлуу өлчөмдө даярдалат. Тоолуу аймактын рельефи транспорт катнашына ыңгайсыз келсе, казылып алынган кен-таш конвейер же темир аркан жолдору аркылуу Ш-дан ташылып кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4