Штрек

Википедия дан

Штрек (нем. Strecke - маршрут, аралык) - кен тулкусунун узата созулуу багыты боюнча өткөөлдөнүп, жер бетине түз чыгуучу оозу жок горизонталь (жантаюусу 3°тан ашпаган) тоо-кен казылмасы.

Штрек кен тулкусунда же ага жарыш тоо теги аркылуу өткөөлдөнөт. Негизги жүк (казылып алынган кен, тоо тек, материалдар) ташылган Ш. башкы деп аталат. Штрек арналышы боюнча транспорттук, шамалдатуучу ж. б. болуп айырмаланат. Штректин туурасынан кесилиш формасы тоо тектердин физикалык-механ. касиеттерине, тоо басымынын багытына жана күчүнө, капталы менен үстүн бекитич конструкцияга жараша жасалат. Көпчүлүгү трапеция же арка формасында өткөөлдөнөт. Туурасынан кесилиш өлчөмү транспорттук жабдуулардын өлчөмүнө жана коопсуздук эрежелерине жараша даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4