Штрих

Википедия дан

Штрих (немисче strich) – белгилүү бир линиялык көркөм сүрөттүк системанын курамдык бөлүгүн түзгөн, колдун бир шилтеми менен аткарылган линия (сызык). Ш. – сүрөт техникасынын негизги, эң жөнөкөй элементи. Ш-тин негизги милдети – сүрөттөлүп жаткан нерсенин мейкиндик жана көлөмдүү-пластикалык сапаттарын берүүдө, алардын багытындагы, сөлөкөтүндөгү жана мүнөзүндөгү айырмачылыктарын көрсөтүү. Өзүнчө турган Ш. көз менен линия (сызык болуп кабыл алынат же коңшу Ш-тер менен бирдикте тегиз түрдүк такка кошулуп кетет). Ш-тин мааниси айрыкча офортто жана калем менен тартылган сүрөттө көрүнүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]