Шуштар тарыхый гидротехникалык системасы

Википедия дан

Шуштар тарыхый гидротехникалык системасы= Шуштар тарыхый гидротехникалык системасынын тутуму көпүрөлөрдүн, тосмолордун, тегирмендердин, шаркыратмалардын, каналдардын жана чоң тунелдердин бир бирине байланышып суу өткөрүүсү, бул система Ахамениддер доорунан Сасаниддерге чейин, сууну пайдалуу колдонуу үчүн курулган. Атактуу француз археологу Мадам Жан Диулафо жазган сапар катта бул система өнөр жай төңкөрүлүшүнө чейинки эбегейсиз өнөр жай тутуму катары эскерилген.

Шуштар тарыхый гидротехникалык системасынын бөлүктөрүнүн тизмеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул байыркы тарыхый курулуштар Ирандын онунчу тарыхый эстеликтери катары ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегинде 1315 номуру менен Шуштар тарыхый гидротехникалык системасы деген каттоодон өткөн, анын ичинде төмөнкү суу курулуштар бар:

  • Мизан тосмосу
  • Кулох Фаранги мунарасы
  • Колго казылган Гаргар дарыясы
  • Гаргар тосмо көпүрөсү
  • Суу тегирмендер жана каскаддар тутуму
  • Айор мунара тосмосу жана Сабиан ибадатканасы
  • Шуштар мохибазан тосмосу
  • Салосал чеби
  • Дариун каналы
  • Шадраван тосмо көпүрөсү
  • Топурак тосмо
  • Аскер тосмо көпүрөсү жана Али шах көпүрөсү
  • Шарабдар тосмосу

ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине каттоо тарыхчасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гидротехникалык курулуштардын негизинин түзүлүшү жана алгачкы Шуштар тегирмендеринин айланасындагы илимий изилдөө иш чараларынын натыйжасында Иранда орун алган негизги каттоодон өтүү сунушу тизмеги дайындалган. Бирок ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастарынын адистеринин сунушу жана көз карашы менен, аймактагы тегирмендер бири бирине байланышкан Шуштар гидротехникалык курулуштарынын бир гана бөлүгү болгондуктан Шуштар тарыхый гидротехникалык курулуштарынын документин даярдоо күн тартибине киргизилген. Бул документ толукталган соң жана башка тарыхый курулуштар сунуштарынын сынагынан ийгиликтүү өткөндөн кийин, өлкөнүн маданий мурастар уюму аркылуу Ирандын онунчу тарыхый эстелиги катары ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетине жиберилген. Андан соң жогорку комитеттин мүчөлөрүнүн жылдык жыйынынын негизинде 26-июнь 2009-жылы Испаниянын Севилия шаарында 1, 2 жана 5 текшерүү критерийи аркылуу, Шуштар тарыхый гидротехникалык системасы аталып ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине 1315 номуру менен катталган.

Шуштар курулуштары саякатчылардын көз карашы менен[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атактуу саякатчылардын бири Ибн Батуте Шуштар тууралуу өзүнүн кол жазууларында, бул шаардын улуктары жана даанышмандары менен жолугуп, ал жердин илим, билимине бир топ таң калгандыгы тууралуу эскерген. Ибн Батуте Шуштарды өзүнүн жазууларында арабча Тустар же Тастар деп атаган. Ал андан сырткары бир канча жазууларында Шуштардын чоң көпүрөлөрү тууралуу да эскерген.

Шарабдар тосмо көпүрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шарабдар тосмосу Шуштардын түштүк тарабында Дариун суу арыгынын бир нугунун үстүнө курулган. Бул курулушту эки маанилүү суу курулушу, Аскер тосмо көпүрөсүнүн жана Мохибазан көпүрөсүнүн ортосунда орун алганын байкоого болот, анын түштүк тарабындагы бөлүгүндө шаардын дубалы орун алган. Бул тосмо көпүрө 4218 номуру менен Улуттук тарыхый курулуштар тизмесинде катталган.

Мизан (өлчөм) жана Кулох Фаранги (киоск) тосмосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мизан тосмосу Шуштар тарыхый гидротехникалык системасынын эң маанилүү бөлүгүнүн бири, ал Карун дарыясын экиге б.а. Шатит жана Гаргар суу арыгына бөлөт. Бул тосмо 2331 номуру менен Улуттук тарыхый курулуштар тизмесине катталган.

Гар гар суу арыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гаргар суу арыгы Карун дарыясынын колго жасалган бутакчасы болуп саналат, Шуштар шаарынын түндүк тарабынан Мизан тосмосу аркылуу Карун дарыясынан бөлүнөт жана түштүктү карай агат. Бул суу арыгы 17599 номуру менен Улуттук тарыхый курулуштар тизмесине катталган.

Дариун суу арыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дариун суу арыгы ахаменид Дарий I доорунда казылган жана Шуштардын кургак өрөөнүн суугаруу кызматын аткарган.

Мохибазан тосмосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мохибазан тосмосу Даства тарыхый шаарынын аймагына суунун деңгээлин жогору сактап туруш үчүн курулган. Бул тосмо 4207 номуру менен Улуттук тарыхый курулуштар тизмесине катталган.

Дохтар тосмосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дохтар тосмосу Карун дарыясы агып өткөн акыркы тоо капчыгайында салынган.

Доро тосмосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доро тосмосу Гаргар суу арыгынын үстүнө курулган, ал Ахамениддер дооруна таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шуштар тегирмендеринин сүрөттөрү

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Jane Dieulafoy

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шуштар тарыхый гидротехникалык курулуштарынын системасынын маданий мурастар негизи
  • Шуштар гидротехникалык системасы, ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар конвенциясы, Тегеран, 2008
  • Эрге Бам конгресинин макалалары, Керман, Иран маданий жана туристик мурастар уюму


Архитектура, География