Шыкакчылык

Википедия дан

Шыкакчылык – кылмыш жасоого кошо катышуунун таризи. Ш. аркыл ыкмалар менен жүзөгө ашырылуусу мүмкүн: көндүрүү, сатып алуу, коркутуу, жагалдануу, өтүнүү, мактоо, буйрук берүү, кылмыш жасалгандан кийин кандайдыр бир убай-жакшылыктарды убада кылуу ж. б. Ымдоо, жаңдоо аркылуу да ишке ашырылышы мүмкүн. Аткаруучу тарабынан кылмыш жасоо Ш-тын натыйжасы болуп саналат. Жашы жете электерди кылмыш жасоого шыкактоо (кылмышка кошо катышуудан башка, кылмыш жасоого тартуу) өзалдынча кылмыш курамын түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]