Шым

Википедия дан
Шым

Шым — кең багалектүү сырт кийим, чалбар. Мунун жердиги кездемеден да, териден да, таардан да болот. Ошондуктан, кездеме шым, тери шым, таар шым деп айтышкан. Кой, эчки, теке, аркар, кулжа, жейрен өңдүү жандыктардын жана башка кайберендердин терисинен жаргак шым (кандагай), тери шым (чалбар) жасалган.

Жаргак шым жука жана жеңил болгондуктан жылуу мезгилдерде, улут оюндарында кийилген. Жаргак шымды тигүү үчүн терини чылгый чагында жүнүн бычак менен алып, малмага салат. «Ашаткысын эринбей, Аярдык менен Каныкей, Жез челекке жаткырып»... (Манас). Ашаткыны боюна абдан сиңирип, ийленген анын ышкын түп, чүкүрү, эңгилчек сыяктуу өсүмдүктөрдүн тамырынан, сабагынан жана кабыгынан алынган кол боёктор менен боеп, жүзүнө чыгарышкан. Анын багелеги нукум-сөөмөй шара тилинип жасалат. Бычылган шымдын бөлүктөрүнүн тигиштерине чыйратылган кебез жиптен каттай «ыскыт» (милте, жээк) кынаптала коюлуп, тигиштери тиштетилип тигилет.

Муну, күндүн көзүн тийдирбей, кунтуйтуп каттырбай, табы менен иштетет. Жаргак шымга бышык кездемеден эки элидей көбөө коюлат. Шымдын багалегинин шара тилигинин эки өңүрү жана этигине көркөм оюмдун сайма көчөттөрүн түшүрүшкөн. Ал кооздуктар кездеме шым жана кемселге түшкөн көчөт-оюмдарга үндөшүп кетет. Аны көбүнчө ботонун жүнүнөн ипичке ийрип, чыйрак чыйратып, челдеп, түрдүү ыраңга боеп, ийне сайма аркылуу жүзөгө ашырат. Мындай шымды «кештелүү шым» деп айтат.

Тери шым (чалбар шым) ичи түктүү келет да, суукта кийилген. Анын жердиги көбүнчө кой-козунун терисинен болот. Аны адегенде челдеп, ашатып алып, анан өңдөп (бордоп), ага ышкын түп жабат. Же ошол өңдөлгөн боюнча эле бычылат да, тигиштери көк, кара өңдө милтеленип, багалегинин учу да адими кездемден төрт-беш элидей көбөөлөнөт.

Таар шымдын жердиги, албетте, жүн болот. Көбүнчө төөнүн, койдун жүнү текши, ичке ийрилип, жип чыйрак чыйратылат. Буга курулган өрмөк башка таар буюмдарындай эле эндүү согулат. Согулган жердик өлчөнүп бычылат. Тигиштерине кош каттала чыйратылган башка өңдөгү жиптен милте коюлат.

Кыргыздарда тепме шым да болгон. Аны жасоодо уздар тепме чепкендин ыкмасын колдонушкан. Кездеме шымдын жердиги чий баркут, баркут, трайке өңдүүлөрдөн болот. Жаштар кие турган шымдын шара тилик багалектерине жаргак шымдыкындай көбүнчө көк, кызыл, жашыл жиптер менен сайма көчөттөрүнүн жана көркөм оюмдарынын түрлөрү жарашыктуу түшүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)