Шырдакбек, чеп (Ак-Талаа)

Википедия дан


Шырдакбек – орто кылымдардын соңундагы чеп

Көчмөндөрдүн башка бир борбору, ордо-шаары Алабука суусунун өрөөнүнөн табылды. Бул өтө кызыктуу эстелик, ал жергиликтүү калктын арасында Шырдакбектин чеби деген ат менен белгилүү; бул чеп кыргыз баатырына таандык кылынат, анын өмүрү ушул эле аталыштагы элдик поэмада баяндалат. Бирок, бул уранды Шырдакбектен алда канча мурдагы чептин урандысы экени аныкталды (поэма XVIII к. акыры ченинен эрте эмес убакта түзүлгөн) жана курулуштун жөн гана Шырдакбекке таандык кылынып жүргөнү айдан ачык болду (4 жана 5-сүрөттөр).

Шырдакбек чебинин урандысынын тарыхый маанисинен башка да, мунун жанында ачылган бүткүл комплекс да өзгөчө кызыгууну туудурат. Бул комплекс 1945-ж. экспедиция тарабынан ачылып, изилденген отурукташкан типтеги бир катар конуш- тардан турат, атап айтканда, алар төмөнкүдөй: 1) «Шырдакбектин чеби», 2) чептин түштүк жагындагы ага жакын жаткан төрткүл, 3) төрткүлдүн түштүгүндөгү дөбө, 4) төрткүл тибиндеги анча чоң эмес конуш, жарым-жартылай бузулган, чептен 1 км четте жатат.


Бул комплекстин конуштарынын негизги тибин мүнөздөй турган маалыматтарды келтиребиз.

Шырдакбек чеби Алабука өрөөнүн меридиан багытында кесип өткөн чоң эмес дөңсөө жерде турат. Өрөөн бул жерде кескин түрдө кууш тартып кетет. Өрөөндүн ОСО атындагы колхоз жайгашкан чеп турган чыгыш бөлүгү бир кыйла кеңири болсо, чептен батышты карай ал кескин түрдө кууш болуп кетет. Мына ушул кууш жерде чеп турат, сыягы, мунун стратегиялык мааниси болсо керек. Түндүгүнөн Алабуканын бийик жээги өтөт, батышында терең сай бар, түштүгүндө анча бийик эмес тоо тармактары жатат. Чеп тик бурчтуу, дээрлик чарчы келет, капталдары дүйнөнүн төрт тарабына карайт. Түндүк жана түштүк дубалдарынын узундугу 120 м, чыгыш жана батыш тарабы 117 м.

Чептин дубалдары жакшы сакталган. Алар ылайдан согулуп куюлган, узундугу

1 мден ашыгыраак келген блоктордон тургузулган, сакталып калган дубалдын бийиктиги 6 м, бирок, сыягы, эң жок дегенде дагы үчтөн бирге бийик болсо керек. Дубалдардын түбү жогору жагына караганда бир аз калың, ошондуктан алар кесилген жеринде трапеция түрүндө көрүнөт. Дубалдын түп жагынын калыңдыгы 6 м, үстү жагы

2 мден 4 мге чейин. Дубалдын ички бети тик келип, сырты бир кыйла жантайыңкы. Чептин бурчтарында дубалдын бийиктигиндей, үстү жагынын диаметри 8-9 м калың мунаралар бар. Батыш жана түндүк дубалдарынын бет жагында үчтөн мунара

тургузулган: алардын бири өтө калың, орто ченинде, дубалдан 12—15,5 м алдыга чыгып турат, кесилген жеринде 5 жана 5,5 м. Борбордук мунаранын эки тарабына симметриялык түрдө дагы бирден мунара орнотулган, ал дубалдан 5—6,5 м алга чыгып турат, кесилген жери ар бириники орто эсеп менен 5 м. Батыш жана түндүк дубалдарындагы кичине мунаралардын көлөмү жана турган жеринин көрүнүшү мына ушундай. Түштүк жана чыгыш дубалдарда борбордук мунаралар көзгө урунат, аларда каалга жана дарбаза бар. Ушундан улам чыгыш дубалдагы мунаранын туурасы 24 м, анын 8 метри дубалдын ичи менен өтөт. Ошентип мунара эки пилондон тургансыйт, алар дубалдын бетинен 13 м алга чыгып турат. Түштүк дубалдын борбордук мунарасынын туурасы мында да 24 м, өтө турган жери 4 м, сыягы дарбаза эмес, каалгага ылайыкталса керек. Ошентип чепке түштүк жана чыгыш дубалдардагы кубаттуу эки пилон — мунаранын ортосунан кирген. Батыш жана түндүк дубалдар туюк.

Азыркы учурда топурак толуп калган массивдүү мунаралар бузулганга чейин, сыягы, ичи көңдөй болсо керек. Бул жөнүндө сакталып калган бир нече согуштук көзөнөктөр айтып турат, алардын үстү жагы кууш, ылдыйы жазы келет (бийиктиги 45 см, түп жагынын кеңдиги 15 см, кууш жагы — 5 см). Чыгыш дубалдын бетиндеги, түштүк-чыгыш мунарада согуштук көзөнөктөр бүтүн бойдон сакталып калган. Мунаралардын ичинин көңдөй болгонун түндүк-батыш мунарадагы оюлган жеринен анын ылдый түшүп калган төбөсү (свод) көрүнөт. Дубалдын үстүнө парапет (тосмо) орнотулса керек. Дубалдын үстүнкү кыры тиштер менен корголгон, тиштердин ортосу иш жүзүндө согуштук көзөнөктөр катары пайдаланылган. Жылчык түрүндөгү согуштук көзөнөктөр, сыягы, бакса блокторунун ортосунда турса керек. Дубалдардын бети абдан тегиз сүрүлгөн, бирок бакса блокторунун ортосундагы жылчыктар бир кыйла ачык болгондуктан (10—20 см), дубалдар гофрирленген сыяктуу болуп көрүнөт.

Чептин дубалдары бир нече жолу оңдолгон. Бул жөнүндө дубалдардын адатта түп жагындагы, дубалдардын туюк тараптарындагы, мисалы, түндүк-батыш мунарадагы тешиктер айтып турат. Тешик эки өлчөмдөгү чийки кыш менен бекитилген (32x16x8 см жана 28x14x5 см). Кыштардын ашташкан жериндеги жылчык 3 см ге чейин жетет. Ушул типтеги чийки кышты биз IX—X кк. карлук мезгилинин курулуштарынан жолуктурган элек, мүмкүн мунун биринчиси ошол мезгилде ремонттолгондур. Дубалдардын түбүндө, айрыкча түштүк жана чыгыш, түндүк-батыш мунаралардын жанында бышырылган кызыл кыштардын көп сандаган сыныктары жатат, алардын өлчөмү болжол менен 25x25x4,5 — 5 см деп айтса болот. Бул кыш Жети-Суудагы карахандар мезгилинин курулуштары үчүн мүнөздүү. Мүмкүн, чептин пайташы XI— XII кк. бышкан кыш менен бекемделгендей, кийин аларды жергиликтүү калк алып өз керегине жаратышса керек. Жергиликтүү калктын чептин аймагынан табылган суу жүгүртүлүүчү карапа түтүктөр жөнүндө айткандарын белгилеп кетүү керек.

Чепти ремонттоо үчүн пайдаланылган курулуш материалдар IX—XII кк. жөнүндө кабар берет, бирок чептин өзүнүн курулушун алда канча эртерээктеги мезгилге таандык кылса болот.

Чептин дубалдарынын баксадан тургузулушу, коргонуучу мунаралардын көбүрөөк алга чыгып турганы, курулуштун жалпы планы бул курулушту VI- VIII кылымдарга таандык кылууга мүмкүндүк берет. Чептин XIII кылымда турганы жөнүндө маалымат жок. Чептин жашоо мезгилинин ушул чектери жөнүндө анын айланасындагы курулуштар да айгинелейт.

Чептин айланасында, дубалдан 20 м алыста жазылыгы 20 м жеткен аң бар, бул аңдын сыртында, түштүк дубалдан 60 м аралыкта чарчы түрдөгү төрткүл турат, анын капталдары дүйнөнүн төрт бурчун карап, алардын узундугу 50 м че келет. Түштүгүндө 60 м аралыкта дагы бир катар дөбөлөр бар, алар катар болуп тизмектешип жатат, болжол менен 100 мге созулат. Дөбөлөр — сепил тибиндеги жалгыз турган үйлөрдүн урандылары.

Бул дөбөлөрдүн үстүнөн V—VII к. Фергана үчүн мүнөздүү келген, кечирээктеги кушан тиби деп аталган карапалар жолукту. Булар өтө одуракай, колдо чап- талып жасалган, сырты боз, ичи кызгылтым келип, таш күкүмдөр аралаштырылган, шыбактын изи бар. Ак ангобдун үстүнөн кызыл боёк менен сырдалып, кызыл түстө жалтыратылган карапа идиштердин сыныктары да табылды. Дөбөлөр бул оазистин

эң байыркы үйлөрү экени ачык жана мында ушул чепти кургандар жашашса керек. Төрткүл азыркы кыргыздардын мүрзөсү болуп калган. Төрткүлдү курчаган жал анчалык бийик эмес, 2 м дей келет. Төрткүлдүн ичи курулуш таштандылары жана маданий калдыктар менен толтурулган. Мында чыгырыкта жасалган карапалар басымдуулук кылат. Сыныктардын сынган жери нык келип, кызгылтым жана кызыл түстө, ак ангоб менен жабылган. Оймо-чийме сейрек, негизинен оюлуп түшүрүлгөндөр, идиштерде бир өңчөй окшоштуктар жокко эсе. Мындай карапа X—XII кк. Жети-Суунун чет-жакасындагы элеттик аймактар үчүн мүнөздүү болгон.

Дөбөлөр менен төрткүлдөрдөн айырмаланып, чептин ичинде маданий калың катмардын изи жок. Чептин ички таманы тегиз, түз, мында байыркы курулуштардын изи дээрлик жок, жер айдалганына карабастан анын үстүнө чыгып калган материал да жокко эсе. Мында монументалдуу курулуш болгон эмес, адамдар чептин ичинде чатырлар менен боз үйлөрдө жашаган. Бул чеп атактуу көчмөндөр үчүн, мүмкүн Тянь- Шандын түрк кагандары үчүн тургузулса керек. Аз сандагы, үстүнөн табылган карапалар мезгили боюнча дөбөлөр жана төрткүлдөр менен байланышы бар экенин көрсөттү. Курулуштардын конструкциялык ыктары даушунун эле өзүн айтып турат. Биз жогоруда Шырдакбек чебинен чыгыш тарапта, 1 км ыраак ченде анча чоң эмес, жарым-жартылай бузулган конуш жөнүндө эскерткен элек. Бул жерден кушан тибиндеги карапа жана көп сандагы чала фабрикаттар менен шлактар табылды (шлактар дөбөлөр менен төрткүлдөрдүн аймагынан да жолукту).

Шырдакбек шаар чалдыбарында экспедициянын аткарган бир иши — шурфтар жөнүндө бир нече сөз айта кетели.

1949-жылы шаар чалдыбарынын ичи чөбү жок такыр болгондуктан анын пландаштырылышын байкоого мүмкүндүк берди, 1945-ж. мындай мүмкүнчүлүк жок эле. Дубалдын ичи бир катар көтөрүлүп турган аянттарга бөлүнгөн. Анын үстүнөн бир кыйла көп санда археологиялык материалдар чогултулду (ири темир жебелер, ат жабдыктар кооздолуучу күбөктөр), алар биздин мурда айткан, шаарчанын жашоо мезгили X—XII кылымдарга туура келет деген божомолубузду ырастады. Бирок аянттын үстүңкү бет түзүлүшү мында турак үйлөр болгон деп айтууга негиз бербеди, анткени анда мүнөздүү ой-чуңкурлар, турак жайлардын ураган дубалдарын билдирип турган жалдар жок. 1945-ж. биз тараптан айтылган, мында фундаменталдуу курулуштар болгон эмес, жөн гана чатырлар менен боз үйлөр турган деген божомолубузду текшерүү үчүн урандынын ар кайсы горизонттору боюнча жана ар башка аянттарында үч шурф менен казып көрдүк. Шурфтар биздин эң алгачкы болжолдообузду толук ырастады. Аянттардын жанындагы жерлерде 0,40—0,60 м тереңдикте очоктун жука катмарлары калган, мындан башка да темирди иштетүүнүн издери, андан арыраак кумдуу-чополуу борпоң топурактар жолукту. Бир кыйла тереңирээк, көрүнүшү чарчы келген чуңкур, сыягы, хауз болсо керек; ага суу карапа түтүк менен жеткирилген; жергиликтүү калк андай түтүктөрдү бир нече жолу табышкан. Өйдөрөөк жаткан аянттар эч ким тийбеген кыртыш экен. Чуңкурлардын бир бөлүгүндө дубал тургузуу үчүн кыш жана бакса даярдалса керек.

Материалдык маданияттын табылган эстеликтерине таянсак, анда бул оазистин пайда болушу менен өнүгүшүнүн негизги этаптары ачык болуп калат. Сыягы, VII к. Фергана тоо кыркасы аркылуу Өзгөн тараптагы Өзгөн-Жазы-Алабука трассасы боюнча Фергананын отурукташкан дыйкан жана кол өнөрчү калкынын канчадыр бир бөлүгү бул тарапка келип турушса керек; бул трасса Ферганадан Кытайга кетчү байыркы кербен жолдун бир бөлүгү болгон. Муну далилдөөчү эстеликтер катарында үй- дөбөлөрдүн жана оазистин чыгышындагы калдыктарды көрсөтсө болот. Бул конуштарды мекендегендер кол өнөрчүлүк менен соодадан башка да мында дыйканчылык менен шугулданышса керек. Бул аймакта жана Нарын боюнча бир катар жерде (Ку- ланак, Үгүт) азыр да бакча өсүмдүктөрү — дарбыз, коон ж.б. өстүрүлүп келе жатат. Алгач соода факториясы гана болгон конуштар кийин кол өнөрчүлүк-дыйканчылык оторлорго айланган. Ферганалык курулушчулардын колу менен Тянь-Шандын ээлери — түрк кагандары үчүн болжол менен ошол эле мезгилде (VII—VIII кк.) Шырдак-бек деген ат менен уранды түрүндө сакталып калган өзгөчөлүү ордо-шаар, чеп-ордолор курулган.

Негизги конуштун — чептин кожоюндарынын колдоосу аркылуу ферганалыктардын отору пайда болуп, өсүп отурган, алар төрткүл түрүндө өзгөчө маалаларды курушуп, аны, чептин дубалдарына барабар эмес, чакан жалдар менен курчашкан. Бул маала сыягы табылган карапаларга караганда, X—XII кк. тургузулган окшойт. Оазис эки жолу ири кыйраткыч чабуулга же мүмкүн камалоого дуушар болгон, андан кийин чеп ремонттолгон (акыркы жолу — XIII к). Бул оазистеги турмуш моңгол жапырыгынан кийин токтосо керек, анткени ал жерде XIII жана андан кийинки кылымдарда жашоо-турмуш болгонун далилдей турган эч кандай маалымат жок.

Шырдакбек оазиси кербен жолдордун тоомунда пайда болгон. Бул жактан жол Жаман-Даван ашуусу аркылуу Жаман-Тоосуна, андан Арпа өрөөнүнө барат, ошондой эле, Байбиче-Тоо жана Калкабар тоосу аркылуу Атбашы өрөөнүнө түшүп, андан Кочкор өрөөнү аркылуу Ысык-Көлгө же Чүй өрөөнүнө чыгат.

Тянь-Шанды ферганалык оторлоштуруу Алабука суусунун агымы боюнча гана тарап тим болгон эмес. Биздин колубузда болгон археологиялык маалыматтар, ал оторлошуу Тогуз-Торо өзөнүнө жана Кетмен-Төбөгө (азыркы Тогуз-Торо жана Токтогул райондору) чейин келип жеткен деп айтууга мүмкүндүк берет. Бирок Алабукадагы ферганалык оторлуктар «эл аралык» мүнөзгө ээ болуп, дал Фергана-Синьцзянь жолунда турган, ал эми бир кыйла түндүгүрөөктөгү оазистер, ал түгүл Тогуз-Торо тибиндеги оторлуктар алда канча чектелген мүнөздөгү, борбордук тянь-шандык масштабдагы оторлуктар гана болгон.

Археологдор 1944, 1945 жана 1949-ж. экспедициялардын учурунда чогулткан фактылар Тянь-Шань байыркы мезгилде эле Фергана менен тыгыз байланышта турганын да көрсөттү; Согду Чүй өрөөнү жана Ысык-Көл үчүн кандай роль ойносо, Фергана да Борбордук Тянь-Шань үчүн ошондой эле ролду ойносо керек дешет илимпоздор.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]