Шүкүров, Шерназар

Википедия дан

Шерназар Шүкүров (Өзбек Республикасынын Самаркан облусуна (азыркы Жызак) караштуу Заамин районунун Жети-Кечүү айылында 1951-жылы 28-январда туулган - 2018-жылдын 5-августунда каза болгон, Бишкек, Кыргызстан) - акын, жазуучу жана котормочу.
1967-жылы аталган айылдын он жылдык кыргыз орто мектебин бүтүп,
эмгек жолун совхоздо бухгалтердин жардамчысы, тракторчулук кесип менен баштаган.
1975-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
1975–1981-жж. Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейинде улук илимий кызматкер,
1981–1986-жж. «Мектеп» басмасында адабий-көркөм редакциясында редактор,
1986–1990-жж. «Кыргызстан маданияты», «Советтик Кыргызстан» гезиттеринде, «Кыргызстан коммунисти» журналында, Мамлекеттик телерадио комитетинде кабарчы,
1990–1997-жж. аралыгында көркөм адабий, тарыхый-этнографиялык «Мурас» журналынын башкы редактору,
1997–2001-жж. «Кыргыз туусу» гезитинде, «Чалкан» журналында баяндамачы, редактордун орунбасары,
Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр Жыйынын басмасөз кызматында консультант жана «Азаттык» радиосунда кабарчы,
2002–2005-жж. республикалык «Эркинтоо» гезитинде жооптуу редактордун орунбасары, жооптуу редактор кызматтарында иштеп, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» илимий-рухий гезитинде редактордун орунбасары болуп иштеп келет.
1989-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитине жарыяланган «Жылдыз көппү, кыргыз көппү?!» аттуу публицистикалык жол очерк түрмөктөрү үчүн Кыргызстан Журналисттер союзунун 1-сыйлыгынын лауреаттыгына татыган.
Алгачкы көркөм котормочулугу 1972-жылы «Ала-Тоо» журналына А.Мухтардын «Махабат» аңгемесин которуу менен башталган.
1992-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЫР ЖЫЙНАКТАРЫ:

“Адашкан саптар”, “Саратан”, “Алгырларым”, "Кош арман"

КОТОРМОЛОРУ:

Гармаа Доржиин. Кызыктуу баяндар: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 108 б.

Лондон Джек. Үчөөнүн жүрөгү. Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 315 б.

Уткир Хашимов. Баар кайрылбайт. Повесть. – Ф.: Мектеп, 1987.

Өзбек эл жомоктору. – Ф.: Адабият, 1989.