Щербаков, Дмитрий Иванович

Википедия дан

Щербаков, Дмитрий Иванович (1898, Новозыбков ш., Брянск облусу – 1966, Москва ш.) – геолог ж-а геохимик. СССР ИАнын академиги (1953), корреспондент мүчөсү (1946), Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1963). В. И. Вернадский менен А. Е. Ферсмандын окуучусу. Симферополь ун-тин бүтүп (1922), СССР ИАда иштеген: 1928–38-ж., адегенде Тажик-Памир, кийин Орто Азия экспедициясынын илимий жетекчиси, 1930–38-ж. Геохимия ж-а петрография ин-тунун директоруна орун басар, 1938–41-ж. Геол. илимдери ин-тунда минералогия ж-а геохимия секторунун башчысы. 1943–48-ж. Бүткүл союздук минерал сырьёсу ин-тунда сектордун илимий жетекчиси. 1953–63-ж. СССР ИАнын Геол.-география илимдери бөлүмүнүн академиги-окуштуу-секретары, 1963-ж. Руда кендеринин геологиясы, петрография, минералогия ж-а геохимия ин-тунда 2 илимий бөлүмгө жетекчи. Орто Азия, Кавказ, Кола, Забайкалье ж. б. жерлерде геол. изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Илимий эмгектери негизинен сейрек металлдар менен радиоактивдүү элементтердин геохимиясына арналган. Кыргызстандын геологиясын, географиясын изилдөө, кен байлыгын издөө ж-а чалгындоодо кошкон салымы зор. Түштүк Фергана сурьма-сымап кырчоосун алгач белгилеп, анын демилгеси менен мында геол. жумуштар жүргүзүлгөн; натыйжада өнөр жайлык маанидеги сурьма-сымап кендери ачылган. Төөмоюн кенин чалындоого катышкан. Түштүк Теңиртоодогу силур мезгилинде пайда болгон көмүртек-кремнийлүү каралжын сланец формациясынын рудалуулугун изилдөөнүн демилгечиси болуу менен анын чегинен полиметалл кендерин ачууга түрткү берген. Кыргыз ССР ИАнын уюштурулушуна ж-а илимий иштерин пландоого, координациялоого, жергиликтүү илимий кадрларды даярдоого белгилүү салым кошкон. Металлогения карталарын түзүүнүн демилгечиси. Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1965). Эки Ленин ордени, башка 3 орден ж-а бир нече медаль менен сыйланган. Щ-дун ысмы менен минерал (щербаковит – ниобий менен танталдын силикаты) аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]