Щерба Лев Владимирович

Википедия дан

Щерба Лев Владимирович (20. 2(3.3). 1880, Петербург - 26. 12 1944, Москва) - совет тилчиси, СССР ИАнын (1943) жана РСФСР ПИАнын (1944) академиги 1903-жылы Петербург университетин бүткөн.

И. А. Бодуэн де Куртенэнин окуучусу. 1909-жылдан Петроград (кийин Ленинград) университетинин фонетика иштеген (1916-жылдан профессор).

Негизги эмгектери жалпы тил илими, русистика, романистика, славистика, лексикография жана педагогика маселелерине арналган.

Ленинград фонологиялык мектебин түзүүчү «Орус тилиндеги үндүү тыбыштардын сапаттык жана сандык карым-катышы» (1912) деген магистрлик диссертациясын да фонема түшүнүгүнө анализ берип, европалык лингвистикада биринчи болуп фонема теориясын иштеп чыккан.

Ал орфография жана орфоэпия маселелери боюнча да изилдөө иштерин жүргүзгөн. Чет тилдерди окутуу боюна теориялык жана методикалык эмгектери методикалык мектепти түзүүдө чоң мааниге ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9