Щусев, Алексей Викторович

Википедия дан

Щусев, Алексей Викторович (1873, Кишинёв – 1949, Москва) – советтик архитектор, СССРдин эмгек сиңирген архитектору (1930), СССР ИАнын академик (1943). Петербург САда (1891–97) Л. Н. Бенуадан (1910жылдан академик) таалим алган. Третьяков галереясынын директору (1926-29), Москва архитектура музейин уюштуруучу жана директору (1946-49). Строганов көркөм-өнөр жай окуу жайында (1913–18), Вхутемаста (1920–24), Москва архитектура институтунда (1948-49) окутуучу. Щ. Москваны реконструкциялоо планын (1918-25) иштеп чыгууга катышкан. Москвадагы Бүткүл россиялык а. ч. жана кол өнөрү боюнча көргөзмөлөрдүн архитектору (1922-23). Көрүнүктүү эмгектери: Москвадагы В. И. Ленин Мавзолейи, “Москва” мейманканасы (1932–38, авторлорунун бири), Дзержинский аянтындагы административдик имарат (1946), Ташкендеги А. Навои атындагы опера жана балет театры (1938-47) жана башка 200гө жакын илимий эмгектин, макаланын автору. СССР мамлекеттик сыйлыгынын [1941, 1946, 1948, 1952 (өлгөндөн кийин)] лауреаты. Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]