Щёлоков Павел Тимофеевич

Википедия дан

Щёлоков Павел Тимофеевич (1915, Казакстан, Урал обл., Уральск ш. - өнөр жай б.) - зоотехник, СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1951), Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген зоотехниги (1948).

  • 1940-ж. Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын бүткөн.
  • 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик асыл тукум ую боюнча рассадникте башкы селекционер,
  • 1943-жылдан директор.
  • 1948-53-ж. Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы.
  • 1954-ж. Тянь-Шань облаткомунун төрагасынын орун басары,
  • 1960-61-ж. партиянын Тянь-Шань обкомунун 2-секретары.
  • 1963-67-ж. Түп районунун «Санташ» совхозунда, Кемин районунун Ильич атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунда директор.
  • 1968-75-ж. Кыргыз ССР Айыл чарба министрлигинин мал чарба башкармысынын начальнигинин орун басары. Ала-тоо уюн чыгарууга катышкан.
  • 1955-63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (4-5 шайланышы) депутаты. Эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4