Ыбырай Алтынсарин

Википедия дан

Алтынсарин Ыбырай (2. 11. 1841, Казак Республикасы, Костанай облусу, Костанай району - 30.7.1889, ошол эле жерде) - казак элинин педагог агартуучусу, жазуучу, этнограф, коомдук ишмер. Ал орус мектебин (Оренбург) бүтүп, Торгай облусундагы мектепке орус тил мугалими (1860), ошол эле жерде элдик казак мектептеринин инспектору (1879) болуп иштеген. Окуу казак тилинде жүргүзүлгөн орус-казак мектеп-интернаттарына билим берүү системасын иштеп чыккан. Балдар үчүн интернат, эки класстык 4 окуу жайын, 7 башталгыч мектебин, кол өнөрчүлөр окуу жайын, казак мугалимдер мектебин ачкан. «Кыргыз хрестоматиясы», «Кыргыздарга орус тилин үйрөтүүнүн баштооч колдонмосу» окуу китептерин түзгөн (1879). «Жаз», «Өзөн» аттуу ырлардын, «Таза булак», «Асыл чөп», «Эне менен бала» ж. б. бир нече аңгемелердин автору. Л. Н Толстой, Д. И. Тихомиров, И. А. Крылов, К. Д. Ушинскийдин чыгармаларын которуп, казак адабиятын көркөм котормо жанры менен да байыткан. Н. Г. Чернышевский, В. Г. Белинскпй, Н. А. Добролюбов, Г. Гегель, Ж. Ж. Руссо жана чыгыш, араб философторунун эмгектери менен тааныш болгон. Алтынсариндин чыгармалары, каттары, баяндамалары философиялык көз карашта жазылган. Казакстанда районго, айылга жана ЖОЖдорго анын ысымы коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]