Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү

Википедия дан

«Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү» - эл сыйынуучу “ыйык жай”. Жаңы-Базар айылынын күн чыгыш тарабында бийик тектирчеде жайгашкан.

Күмбөздөрдү жергиликтүү калк Ыдырыс пайгамбардын ысмы менен байланыштырышат. Алгач ал жерде 3 күмбөз болгон. Азыркы күндө Ыдырыс пайгамбардын атынан аталган 2 гана күмбөз сакталып калган. Бузулган күмбөздүн ордуна, кийинчерээк жергиликтүү калк тарабынан жол жүргөндөр, сыйынуучулар учун намаз окулуучу жай салынган. 1903-ж. жарык көргөн “Туркестанские ведомости” гезитинин кабарчысы Алибий мындай деп жазат: “Жаңы-Базардагы күмбөз Ыдырыс пайгамбардын мүрзөсү эмес, анын кадамжайы. Жергиликтүү калк анын бирин Ь1дырыска, экинчисин анын аялы Батма-Зуураныкы деп эсептешет. 18-кылымдын аягында анын бирин чаткалдык Тоголок бай оңдоттурган. Андагы ташта жазылган дата хижранын 1191-жылы же бизче 1777-жыл. Демек күмбөздөр 18-кылымга таандык”.

1920-ж В. В. Бартольд Чаткал тоо кыркасындагы Янги-Базар кыштагынын жогору жагында «Идирис пайгамбар» атындагы эски мазардан ташка жазылган белгисиз жазуу табылган деп эскерет. Аталган жазууну Жалал-Абад областык борбордук Исмайил Аль Бухарий атындагы мечиттин имамы Хакимов Адам-жан окуп: “Бул кабыр Бин Али бини Басыр хажибке таандык” - деп чечмелоого аракет жасаган (2001). Жергиликтүү калк арасында айтылып келген уламыштар боюнча Ыдырыс пайгамбар аскери менен жер кезип жүрүп, Чаткалды жактырып, бир топ мезгил ушул аймакта туруп калат. Кийин “Алланын амири менен Ыдырыс пайгамбар бейишти көрөт. Бейишти аралап көрүп, бейиштин ажайып көркүнө таң калып, бир мөмөлүү дарактын түбүндө кепичин чечип намаз окуйт да, кайра чыгарда кепичин унутуп таштап чыгат. Ыдырыс бейишке кайра кирет. Ыдырыс бейиштин кооздугуна арбалып чыкпай туруп калат. Ошондо аны кайра алып чыкмакчы болгон Азирейилге Алладан: “Бейишке бир кирген адам кайра чыкпасын!” - деген аян келет. Ошентип, Ыдырыс пайгамбар түбөлүк бейиште калтырылган экен. Пайгамбардын күмбөзүнүн катарында анын аскер башчысы Ышкы-Бабанын (Ышкыш-баба) күмбөзү бар. Ошол алгачкы курулушунан бери бул күмбөздөр кыязы бир нече ирет тозуп же урап калып, кайрадан курулса керек. Археологиялык казуулар ырастагандай ал күмбөздөрдөн биздин замандын 4-5 жана 11-12-кылымдарына жана 15-16-кылымдарга таандык ар кандай калыптагы жана ыраңдагы кыштар табылган. Ал эки күмбөздөн 30-40 кадамдай төмөнүрөөктө Ыдырыс-пайгамбардын чилдеканасы, андан төмөнүрөөк Аурахман булагы жайгашкан. Эл оозунда: “Бала сурасаң - Ыдырыс Атага бар” деп айтылат. Жергиликтүү калк, зыяратка келген адамдар мал союп, кан чыгарып, түлөө өткөрүп турушат. Күмбөзгө Кыргызстандан гана эмес, бүткүл Орто Азия, Казакстандан, башка да мусулман өлкөлөрүнөн адамдар зыяратка келишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6