Ыйык Лаврентий аралы
Көрүнүш
Ыйык Лаврентий аралы - Беринг деңизинин түндүгүндөгү түздүктүү арал. Чукча ж. а-нан түштүк-чыгыш тарапта.
АКШнын (Аляска) аймагы. Аянты 5 миң км2. Бийиктиги 673 мге жеткен жанартоолуу дөңсөлөр бар. Тундра ландшафты мүнөздүү. Деңиз (жапайы айбандар) промысели өнүккөн. Негизги калктуу конуштары: Гамбелл, Савунга. Аралды 1728-ж. орус деңиз саякатчысы В. Беринг ачкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4