Ыйык Степанос чиркөөсү

Википедия дан

Ыйык Степанос чиркөөсү کلیسای استفانوس مقدس[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сент Степанос чиркөөсү же Ыйык Степанос чиркөөсү (армян тилинде: ՍուրբՍտեփանոսվան, англис тилинде: Saint Stepanos Monastery ) Иран армяндарынын экинчи орунда турган чиркөөсү, маанилүүлүгү жагынан Кара келиса чиркөөсүнөн кийинки орунда турат. Бул курулуш чыгыш азербайжан облусунда Жулфа шаарынын 18 км батыш тарабында жана Аракс дарыясынын үч километр түштүк жээгинде “кызыл ванк” (кызыл чиркөө) атту жерде орун алган. Бул чиркөө IX кылымдар чамасында курулган, бирок жер титирөөнүн натыйжасынан негиздүү бузулууга учурагандыктан Сефевиддер доорунда калыбына келтирүү иштери аткарылган. Бул тарыхый курулуш 6-март 1963-жылы 429 номуру менен улуттук иран тарыхый калдыктары тизмесине катталган. Чиркөөнүн басымдуу бөлүгү тоо койнунда, Жулфа шаарынын чек жакасында табыяттын жашыл чөптүү аймагында жана Азербайжан мамлекетинде орун алган. Бул чиркөө баардык христиан дининдегилердин жана башка кичинекей жана чоң диндердин сый урматына татыган, азыркы учурда армян апостол чиркөөсүнө таандык. Бул аймакта жылына миңдеген армяндар ар кандай диний маарекелерди жана Кудайга сыйынуу аземдерин өткөзүп турушат.

Курулуштун аты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сент Степанос алгачкы христиан дининдеги шейит Степандын (же армян тилиндеги Стефан) атынан алынган жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жогорку аттагы чиркөөлөр көп экендиги маалым. Андан сыркары аймактын таштанды болгон себебинен Хараба чиркөөсү деп да аталып келет. Сент Степанос христиан дининдеги алгачкы шейит адам, ал 26-сентябрь 36-жылы Иерусалимде Йахуддар тарабынан таш бараңга алынган.

Тарыхы жана архитектурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чиркөөнүн курулуш тарыхы тууралуу ар кандай ойлор айтылып келет. Бул чиркөөнү кээ бирлер алгачкы христиан дининдегилердин чиркөөсү дешсе, кээ бирлер Сефевиддер дооруна таандык курулуш деп эсептешет. Курулуштун архитектурасы, колдонулган материалдар жана ички жана сырткы кооздолушуна таянып бир доорго такасак анда Кара келиса чиркөөсүнүн доору Χ-ΧΙ- кылымдарына келип такалат жана архитектуралык методу Урарту, Парфян жана Римдин архитектурасына окшош. Кийинчерек ушуга окшогон Ыйык Эчмиадзин собору, Кара келиса, Ыйык крест чиркөөсү жана Сент Степанос чиркөөлөрү пайда болгондо армян архитектурасы деп аталып калынган.

Имараттын түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул чиркөө дарактардын жана жашыл капчыгайдын ичинде орун алган. Андагы таш менен тизилген курулуштун негизи Сасанид заманы жана ислам доорунун алгычкы кылымдарындагы чептердей бекем курулган. Чиркөөнүн дарбазасы батыш тарабындагы дубалдын ортосунан орун алган жана ал жыгачка темир капталып жасалган дарбаза. Куполдору майда таш менен кылдаттап тизилип, Мариянын жана кичинекей Исанын ажайып сүрөтү куполдун асты тарабында тартылган. Чиркөөнүн сырткы дубалдарында кооз сүрөттөр көзгө учурайт, чыгыш дубалда Ыйык Степаностун таш бараңга алынганы, батышта Исанын крестке тартылганы жана асманга көтөрүлүшү чагылдырылган. Чиркөөнүн негизги жана ачык айкын үч бөлүгү, ар кандай жардамчы бөлүктөрү бар. Үч негизги бөлүгү: негизги намазкана (ибадаткана, сыйынуу жайы), даниэль меши жана коңгуроо мунарасынан турат.

Негизги сыйынуу жай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги сыйынуу жай 16га 21 метр чарчы жерде курулган. Анын батыш тарабында орун алган негизги кире бериши аябай суктанаарлык кооздолгон, бул Кажарлар дооруна, болжолдуу Султан Фатхали шахтын уулу Аббас Мирзанын заманына таандык. Пайдубал иши, куполдору, жарым колонналар, чынжырлар, куполдун кооздолушу жаңы ыкма менен салынып, ал таштан куруу чеберчилигинин жогорку деңггэлин маалымдап турат. Апостолдордун, ыйыктардын жана периштелердин сүрөттөрү асты тарабына түшүрүлүшү, чындыгында көз жоосун алган сыйынуу жайындагы купол кооздуктары болуп саналат. Куполдун ички тарабында терезенин алдында кичинекей бир эшик салынган, терезенин үстүндө апостолдордун сүрөттөрү зыйнатталган. Кире бериштин үстүнкү тарабындагы чиркөөнүн куполунун астында, насталик кол жазмасы менен жазылып,ташка чегилген кызыл түстөгү жазуу көзгө урунат. Хижрий жылы менен XII-кылымдын орто ченинде султан Фатхали шахтын баласы Аббас Мырза Наб тарабынан Жулфа Шам капчыгайы үч жүз туманга сатылып алынган. Чиркөөнүн ички абасы айкаш жыгач түрүндө жана үч негизги бөлүктөн сыйынуу жайы, балкон жана мехрабдан турат. Балкон эки колонна жана эки жарты колоннанын үстүнөн орун алынып, анын аркасында жана алды тарабында чиркөөнүн негизги сыйынуу күнбатында жайгашкан. Куполдун алдындагы кээ бир сүрөттөр ар кайсыл түстө тартылып болжол менен XVI-XVII-кылымдарга таандык. Мехраб (ибадатканадагы имам олтурган жер) сыйынуу жайынын чыгыш тарабында сыйынуу жайынан 96 см жогору тургузулган. Мехрабдын алды мрамор ташы менен төшөлгөн. Намаз жайы жогорку чеберчилик менен кооздолгон биринчи намаз жай мехрабдын ортосунда жайгашкан жана башка экөө сыйынуу жайынын түндүк жана түштүк тарабынан орун алган. Бул намаз жайлары Кажарлар доорунун тарыхыйэмгектери катары бааланат.

Коңгуроо мунарасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коңгуроо мунарасы эки кабаттуу балкондун үстүндө чиркөөнүн түштүк тарабында орун алган жана пирамида түрүндөгү күнбаттуу сегиз тараптуу, кызыл таштан жасалган сегиз колоннанын үстүнө бекем орнотулган. Бул мунара Аббас Мырза Наиб султандын доорунда калыбына келтирилген. Куполдордун бет маңдайында периштелердин, кресттин, бергамот, жылдыз жана гүлдүн сүрөттөрү менен зыйнатталган жана балкондун мунара деңгээлинде христиан дининин улууларынын кабыры көзгө илинет, мунаранын дубалынын түндүк тарабында ыйык мариянын жана Иса масихтин сүрөтү көрүнөт. Ошондой эле мунаранын коңгуроосу Италиялыктар тарабынан калыбына келтирүүгө Италияга алынып кеткен боюнча кайра кайтарылбагандыгы айтылат.

Даниэль меши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чиркөөнүн түндүк дубалына жабышкан туурасы 6 метр жана 20 метрге жакын узундуктагы салон жана үч тең бөлүкө бөлүнөт:

  • Даниэль меши дубал менен салондон бөлүнгөн жана Даниэль V-кылымдагы христиан дининдеги ыйык адамдын аты менен таанымал.
  • Коомдук зал ортодо орун алган.
  • Кол жуучу жай, залдын чыгыш тарабында орун алган жана анын ортосунда таштан жасалган отургуч турат.
  • Чиркөөнүн жанынан орун алгандиний медресени 900 жыл мурда курулган деп эсептешет. Төрт тарабында бөлмөлөр бар, жогорку кабатта саякатсылар, зыяратчылардын эс алуу жайы жана алдынкы кабатта дүкөнчөлөр жайгашкан. Азыркы учурда ал оңдолууда.

Чиркөөнүн курулуш тарыхы тууралуу, архитектуралык тараптан жогорку чеберчиликте жасалгандыктан ар кандай ой-пикирлер жазылган. Кээ бирлер тарыхый архитектуралык эволюцияны көңүлгө албай, анын курулушун алгачкы христиан чиркөөсү деп эсептешет, бирок тарыхый изилдөөлөр менен карай турган болсок, чиркөөнүн курулуш архитектурасы Ыйык крест жана кара келиса чиркөөсүнүн дооруна таандыгын байкасак болот. Жүздөгөн таш жазуулар армян тилдеринде чиркөөнүн ичинде жана сыртында илинип турат, эгер ал жазууларды адамдар өз эне тилине которо турган болсо, чиркөөнүн курулуш тарыхын, архитектурасын, ал эмес тарыхый бөлүктөрүнүн жана ошол замандын элдеринин жашаган салт санаасын байкаса болот.

ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине каттоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул тарыхый курулуш 429 каттоо номуру менен ирандын улуттук тарыхый эмгектер тизмесине катталган жана байыркылыгы, тарыхы, диний жана архитектуралык уникалдуулугу менен 2007-жылы азербайжан облусунун башка чиркөөлөрү менен катар ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурасына катталган. Мамлекеттин маданий жана туризм мурасы үч комплекстүү чиркөө, Степанос, Зур зур жана Кара келисанын документтерин ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине жиберген. 2006-жылы жогорку үч чиркөө ЮНЕСКОдо катталуусу сунушталган. Бул тарыхый курулуштун документтерди түзүү этабы жүрүп жатат жана чиркөөнү калыбына келтирүү жана кайра куруу процестери аткарылып атат. Андан сырткары байыркы архитектуралык көрүнүштү сактап калуу менен толук оңдоо, мамлекеттин маданий мурастар уюму жана армяндар уюмунун Тегерандагы кеңеши тарабынан колго алынып иштелип жатат. Бул боюнча көрүлгөн чараларда баардык бөлүгүнүн фотограмметрикалык бөлүгүнүн сүрөтүн, тосмонун оңдоо бөлүктөрүн, ичиндеги топурактарды, чатырды жана бөлмөлөрдү толук түрдө оңдоо, алардын чатырындагы толук эңкейишти, кулап калган дубалдарды тургузуу жана чиркөөнүн, сыйынуу жайынын чатырларын толук кайра куруу, коңгуроо мунарасынын биринчи жана экинчи кабаттарын, жыгач терезелерди жана башкаларды оңдоолорду эске алсак болот. Акыркы учурда жогорку аткарылган курулуштун кайра куруу жана даярдоо иштеринен бөлөк туристердин келишине жана зыярат кылышына жеңил болушу үчүн чыгыш азербайжан облусунун маданий мурастары тарабынан байыркы жол жасалып, асфальт төшөлдү.

Жаңы ачылыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-жылы маданий мурастар уюмунун эксперттери тарабынан курулушту оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканда христиан апостолдорунун жана ыйыктарынын башка сөөктөрүн табышкан, тарыхый маалыматтарга ылайык алар бул чиркөөдө көмүлгөн. Эксперттер башка сөөктөрдү эки куполдун ортосунан табышкан. Башка сөөктөрдөн бөлөк сөөктөрдү сактоо кутучаларына таандык бир канча кесин тактай, сары жана кыш түсүндөгү кесин кездеме, кызгылтым гүлү жана ладан уруктары казылып алынган. Тегеран жана түндүк иран армян епискобу жана архиепискобу бул табылган сөөктөргө өзүлөрүнүн урмат сыйын билдирүү менен бирге сөөктөрдүн Йахйага таандык экенин божомолдошту.

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кара келиса чиркөөсү
  • Иран христиандары

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Маданий мурастар массалык маалымат каражаты
  • “Ирандын архитектуралык тарыхый энциклопедиясы”. Иран туристик жана маданий мурастар уюму
  • Афтаб сайты
  • Британия онлайн энциклопедиясы
  • «Чиркөө сүрөттөрү»
  • Колдонуучулар вебсайты

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Saint Stepanos Monastery»-https://en.wikipedia.org/wiki/Saint_Stepanos_Monastery
  • Маданий мурастар массалык маалымат каражаты
  • Афтаб сайты
  • Британия онлайн энциклопедиясы
  • Колдонуучулар вебсайты маданий мурастар массалык маалымат каражатынын айтуусунда
  • Иран архитекторлор сайты

https://fa.wikipedia.org/wiki/%DA%A9%D9%84%DB%8C%D8%B3%D8%A7%DB%8C_%D8%A7%D8%B3%D8%AA%D9%81%D8%A7%D9%86%D9%88%D8%B3_%D9%85%D9%82%D8%AF%D8%B3

Маданият, Архитектрура