Ыктымалдуулук автоматы

Википедия дан

Ыктымалдуулук автоматы - өтмө жана чыгыш функциялары кокус функциялар болгон чектүү автоматтын жалпыланышы.

Ыктымалдуулук автоматы (A, S, В, cp, V|/) системасы менен берилет, A, S, В - чектүү автоматтагыдай мааниге ээ болгон чектүү алфавиттер: A - кириш алфавит, S - абалдын көлүгү, В - чыгыш алфавит; ip, vj/ - кокус функциялар, мында <р - S хА көптүктү Sice которуучу өтмө функция, vj; - S хА көптүктү Вга которуучу чыгыш функциясы. Бул функциялар S жана В көптүгүндө cps , v|/ga, а<=А, seS ыктымалдык чендеринин системалары менен берилет. Бул чендер адатта стохастикалык матрицалардын жардамы менен берилет. Бул ыктымалдык чендер 0 жана 1 деген гана эки мааниге ээ болгон учурда, Ыктымалдуулук автоматы детерминацияланган автомат түшүнүгү менен дал келет. Эгер өтмө функция кириш алфавиттин тамгаларына көз каранды болбосо, анда и= (А, S, В, ф, ф) автономдук автомат деп аталат. Ыктымалдуулук автоматы көптөгөн реалдуу түзүлүштөрдүн математикалык модели болот жана организмдердин ал-абалын изилдөөдө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4