Ыктыярдуулук

Википедия дан

Соттук териштирүүдөн айырмаланып, ортомчулук процессине бардык талашкан тараптар ыктыярдуу киришет, ал эми ортомчу тараптардын өз ара макулдугу боюнча эркин тандалат. Эгерде кандайдыр-бир себептен улам тараптар ортомчулукка барууну каалабаса, эч ким аларды буга мажбурлай албайт. Бул принцип бардык чечимдерди эки тараптын өз ара макулдугу менен гана кабыл алынышынан жана ар бир тарап каалаган учурда ортомчулук жол-жобосунан баш тартууга укуктуу экендигинен да көрүнүп турат.

Ал ортомчулук ыктыярдуу болуп санала тургандыгын, тараптардын кимиси болсо да ортомчулуктун каалаган этабында баш тартууга укуктуу экенин эскертет. Ал ошондой эле эч бир тарапты жактабастыгын, тараптардын бир пикирге келишине гана жардамдашаарын жана ортомчулук мезгилиндеги сөздөрдүн баары купуя сакталаарын айтат. 2-этап – Тараптардын сөз сүйлөшү. Ар бир тарап болгон окуяны айтат. Кимиси даттанса, ошол биринчи сөз баштайт. Анын сөзүн бөлүүгө уруксат берилбейт. Анан экинчи тарап чатактын себептерин өзүнчө түшүндүрөт. Катышуучулардын кимиси болсо да, ортомчу өзү да бул сөздөрдү жазып турууга укуктуу. Ортомчулук аяктагандан кийин купуялыкты сактоо үчүн ортомчу жазып алган жазуулар жок кылынат. 3-этап – Тараптардын кызыкчылыктарын айкындоо. Ортомчу фактыларды жана маселелерди аныктоого аракеттенет. Ал эки тараптын тең айткандарын угат, ар бир тараптын көз карашын жалпылайт жана алардын маселени канчалык түшүнгөндүгүн айкындайт. 4-этап – Сунуш киргизүү. Ар ким көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон варианттарын ойлонуштурат. Ортомчу сунушталган чечимдердин тизмесин түзүп, чечимдин ар бир варианты боюнча тараптардын пикирин сурай 5-этап – Чечим тандоо. Тараптардын айткан пикирлерине таянып, ортомчу талашты чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун караштырат жана кайсынысы эки тарапты тең канааттандырарын аныктоого аракеттенет. Чечим ойдогудай жакшы болушу үчүн реалдуу болууга, эки тарапты бирдей канааттандырууга тийиш. 6-этап – Макулдашууга жетишүү. Ортомчу тараптардын өз ара алгылыктуу келишүүсүнө жардамдашат. Чечим жазуу жүзүндө таризделиши керек. Мындай макулдашуу «ортомчулук келишим» деп аталат. Тараптар ошондой эле, эгерде алардын бири бул макулдашууну бузса, эмне болорун талкуулоого тийиш. Афоризмдин автору Константин Семёнович Мелихан (1952-жылдын 27-сентябры, Ленинград) – орус жазуучусу, юмористтик китептердин автору, өз чыгармаларын эстрадалык аткаруучу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыр-чатаксыз келечекке карай. 9–11-класстар: Америкалык Юристтер Ассоциациясы, Укуктун Үстөмдүгү Программасы (ABA ROLI). Окуу куралы. – Б., 2011. – 130 б. categoria: Коом categoria: Чыр-чатактар