Ыкчам-издөө ишмердиги

Википедия дан

Ыкчам-издөө ишмердиги – адамдын жана жарандын өмүрүн, денсоолугун, укуктарын жана эркиндиктерин, менчигин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун кылмыштуу колсалуулардан коргоону камсыз кылуу максаттарында ыкчам издөө чараларын жүргүзүү жолу менен ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, алардын компетенциясынын чектеринде, ачык жана жашыруу ишке ашырылуучу ишмердиктин түрү. КРдин коопсуздугун камсыз кылуу жана дүйнөлүк аренада мамлекеттик кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү; четөлкөлүк мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана эларалык уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчү иштерин ашкерелөө, алдыналуу жана болтурбоо; КР мамлекеттик чегарасын коргоону камсыз кылуу; кылмыштарды табуу, алдыналуу, болтурбоо жана бетин ачуу; ошондой эле аларды даярдоочу, жасоочу же жасаган адамдарды аныктоо жана табуу; кылмыш-жаза куугунтуктоосунан, тергөө жана сот органдарынан качып жүргөн адамдарды издөөнү ишке ашыруу, ошондой эле дайынсыз жоголуп кеткендерди издөө, ыкчам-издөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын коопсуздугун камсыз кылуу Ы. и. и-нин негизги милдеттери болуп саналат. Ы. и. и-гин жүзөгө ашырууда жарандарды сурамжылоо; маалыматтарды жыйноо; салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу; текшерүү сатып алууларын жүргүзүү; буюмдарды жана документтерди изилдөө; көзөмөлдөгү ташып жеткирүүлөр (текшерилүүчү ташып жеткирүүлөр) ж.б. КРде Ы. и. и-гин КР ИИМ; КР Улуттук коопсуздук кызматы; КР Коргоо министрлиги; КР Каржы министрлиги; КР Адилет министрлиги; КР Чегара кызматы сыяктуу ыкчам курамдар ишке ашырышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]