Ылакап

Википедия дан

Ылакап - кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдардын жүрүш-турушунун, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнүн жыйынтыктап, так элестүү кылып берилген, өзүнчө чечүүчү тарыхы бар, көбүнчө каймана айтылып, контекстке карата мааниси чечилүүчү кыска, образдуу сүйлөм.

Ылакаптар өзүнүн табияты боюнча макалдарга жакын келет, бирок төмөнкүдөй белгилери менен алардан айырмаланып турат:
1) Макалдарда ой аягына чейин толук чыгарыла айтылат. Мисалы, «Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес». Ылакапта ой кыйыр түрдө айтылып, жыйыитыкты угуп жаткан адамдын өзүнүн чыгарышы талап кылынат. Мисалы, «Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичиптир».
2) Ылакаптарга Караганда макалдарда дидактикалык маани күчтүү болот.
3) Ылакаптарда айтылып калуу ссбеби, анын чыгыш тарыхы болот, макалдарда бул нерсе болбойт.
4) Макалдарда рифма, ритм колдопулса, ылакаптарда буга анча маани бериле бербейт.
5) Ылакаптар айрым учурда белгилүү бир территориядагы адам дар үчүн гана колдонулуп, колдонулуш жагыиап чектелген болот. Мисалы, Ош аймагындагылар «Кембагал Алайга барса да тезек терет» деген ылакапты колдонушат.
Ылакаптарда тарбиялоо максаты болуу менен элдин тарыхын, философиясын чагылдыруу жагынан фольклордук башка жанрлардан артыкча жактары бар.

Шилтеме:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine