Ыплас суулар

Википедия дан

Ыплас суулар - эл отурукташкан жана өнөр жай тармактары жайгашкан аймактан канализация аркылуу башка жакка агызылуучу турмуш-тиричилик калдыктары менен булганган суулар; органикалык жана органикалык эмес заттар менен булганган суулар.

Алар өнөр жайлык, турмуш-тиричиликтик жана айыл чарба агымдары болуп бөлүнөт. Ыплас суулардын булганчтыгы кошундулардын концентр-сы (мг/л, г/мъ) менен өлчөнөт. Ыплас суулардын курамындагы органикалык заттар көлмөлөргө, кыртыштарга топтолуп, чирип, суулардын жана атмосфераны санит. абалын начарлатып, ар түрдүү жугуштуу ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан Ыплас сууларды тазалоо, зыянсыздандыруу табиятты коргоодо, санит. гигиенаны камсыз кылууда, айлана-чөйрөнү тазалыкта сактоодо маанилүү, к. Сууну керектөө, Ыплас сууларды тазалоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4