Ырсалиев Арстанбек

Википедия дан

Ырсалиев Арстанбек (26. 2. 1950- ж. т., Бер-Булак айылы, Аламүдүн району, Чүй облусу) - балет артисти. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1979).

1969-ж. А. Я. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайын бүткөн. 1969-жылдан А. Малдыбаев атындагы кыргыз опера жана балет театрынын солисти.

Аткарган ролдору: Куйручук(К. Молдобасанов, Т. Окунев, «Куй-ручук»), Касым (К. Молдобасанов,«Саманчы жолу»), Спартак (А. Хачатурян, «Спартак»), Чолпонбай (Ч.Нурымов, «Өлбөстүк»), Базил (Л.Минкус, «Дон Кихот», 1971), Принц (П. Чайковский, «Ак куу көлү»),Альберт (А. Адан, «Жизель») ж. б.1962-ж. режиссёрлор М. Рошалдын «Космонавттар көчөсү» (1962), Б.Шамшиевдин «Ысыккөлдүн кызгалдактары». аттуу көркөм фильмдердеги Сардардын, Атайдын ролдорун аткарган.

Ырсалиев классикалык бийдин техникасын өздөштүрүү менен ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берет. Ал көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5