Ырысдөөлөт уулу Дооран

Википедия дан

Ырысдөөлөт уулу Дооран (1896–1929, Ноокен р-ну) – ырчы. 17 жашынан эл алдына чыгып ырдай баштаган. Алгачкы устаты Карамырза деген ырчы болгон. Кийин атактуу Бекназар ырчыга атайы барып, салам айтып, таалим алган. Дооран Сыдык ырчы менен айтышканы бар. Дооран ашыктык ырларында да өтө уста болгон. Буга “Өзгөчөм”, “Акдилгир” деген ырлары, ага карата Барпынын:

“Дөңдөн атын сугарган,

“Төрайым” деп бул ырды,

Дооран ырчы чыгарган” – деген саптары далилдеп турат. Дооран “Өзгөчөм” деген ырын Мурзакулдун көрөркөз токолуна арнап чыгарган экен. Ал мезгилде ашык болгон аял затына ачык айтып ырдоо уят болгондуктан, өзгөчөм деп атын өзгөртүп ырдаган экен. Ал эми экинчи ырындагы сулуунун аты да каймана, өзгөртүлгөн. Дооран:

“Акбараң мылтык кош дүрмөт,

Атыңдан айтсам эл билет.

Акдилгир десем ким билет,

Каттоодон алдым катыңды,

Акдилгир койдум атыңды” – деп түшүндүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004