Ырыскүл Эсенаман кызы

Википедия дан

Ырыскүл Эсенаман кызы

Ырыскүл Эсенаман кызы, Наркүлбүбү (19-кылымдын 2-жарымы, – 20-кылымдын башы, Манас р-ну) – ырчы.

Эсенаман төкмөнүн кызы. Жаш кезинен ырдай баштаган, бирок ошол мезгилдеги шартка жараша ачыкка чыгып ырдай алган эмес. Ошондой болсо да, ал ырчы катары элге кеңири белгилүү болгон. Азыркы Карабуура районунун Бакайыр деген жеринде айтылуу Жеңижок м-н айтышат, Ы. Жеңижоктон кем калбай, ал түгүл айрым жерлерде үстөмөндөтүп теңата айтышкандыгы ж-дө эл ичинде кеңири айтылат. Кийин атасы Эсенаман ырдаганына тыюу салып койгон


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3