Ысар-Алай

Википедия дан

Ысар-Алай - Орто Азиядагы тоо системасы, Памир менен Фергана өрөөнүнүн аралыгында, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда.

Түштүк Карши талаасы, Тажик депрессиясы жана Алай өрөөнү менен чектешет. Батыштан чыгышты карай 900 кмге созулат, туурасы 150 кмге чейин (батышында). Басымдуу бийиктиги 5000 м, Матча тоо тоомунда - 5621 м. Ысар-Алай - герцинде пайда болгон бүктөлүү аймагы. Чөкмө жана метаморфизмделген тоо тектерден турат; гранит, диориттер да кездешет. Вольфрам, молибден, мышьяк жана алтын, ошондой эле сымап (Айдаркен, Чабай, Кадамжай), коргошун (Шиң-Магиан, Жижикрут) кендери интрузиядан пайда болгон. Көмүр кени (Сүлүктү, Шураб, Кызыл-Кыя) бар. Дарыялары негизинен Заравшан жана Аму-Дарыянын алаптарына таандык. Көлдөрү: Маргузор, Искендер-Көл ж. б. Мөнгү бар. Матча тоо тоомунда Заравшан мөнгүсү (уз. 25 кмдей) жайгашкан. Кырка тоолордун капталдарында жарым чөл жана субтропиктик талаа өсүмдүктөрү орто бийиктиктеги тоолуу токой-шалбаа талаа зонасына, андан жогору бийик тоолуу шалбаа жана гляциялдык-нивалдык ландшафтка өтөт. Ысар-Алайдын аймагында Заамин, Рамит коруктары уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4