Ысык-Ата

Википедия дан
Ысык-Ата.

Ысык-АтаКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чүй дарыясынан сол тараптан куйган суу. Узундугу 81 км, алабынын аянты 558 км2. Кууш капчыгай аркылуу агат да, Туюк суусу кошулгандан кийин тоо этегиндеги түзөңгө чыгат.

Ири куймалары: Быты, Көкмойнок, Туюк жана башка Алабында 4 көл (аянты 0,5 км2), 70 мөңгү (жалпы аянты 71,8 км2) бар.

Көп жылдык орточо чыгымы Юрьевка кыштагы тушта 7,06 м3/сек, эң көбү августта (45,8 м3/сек), азы апрелде (1,60 м3/сек) байкалат. Өрөөнү аркылуу Суусамырга мал ашырылат. Капчыгайдын орто жеринен минералдуу ысык суу (арашан) чыгат, анда Ысык-Ата курорту орун алган. Боюнда Карагайбулак, Сынташ, Юрьевка, Эпкин, Жарбашы, Социалчы, Жээк, Будённовка, Дмитриевка жана башка кыштактар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]