Ысык-Ата мөңгүлөрү

Википедия дан

Ысык-Ата мөңгүлөрүКыргыз Алатоосунун түн. капталында жанаша жайгашкан чуңкурчак тибиндеги эки мөңгү.

Чүй дарыясынын сол куймасы Ысыката суусунун төрүнөн орун алган. Чыгыш Ысык-Ата мөңгүсүнүн уз. 3,8 км, аянты 4,8 км2. Башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 354 0 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 3,0 км2. Батыш Ысык-Ата мөңгүсүнүн уз. 3,0 км, аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 3480 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3830 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Ы. м-нүн «тилдери» моренанын астында жатат. Мөңгүлөрдөн Ысыката суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2