Ысык-көл

Википедия дан

Ысык-Көл — Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат. Кыргыздар бул көлдү "Кыргызстандын бермети" деп аташат.

Ысык-Көл Ысык-Көл жээги координаттары 42°26′ с. ш. 77°11′ в. д.HGЯO Суу топтоо аянты 15844 км² Суу куйган өлкөлөр Кыргызстан Эң узун жери 182 км Эң жазы жери 58 км Чарасынын аянты 6236 км² Орточо тереңдиги 280 м Эң терең жери 702 м Суунун көлөмү 1738 км³ Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1607 м {{{барактын аталышы}}} Уикиказынада Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги көпчүлүккө кеңири маалым. Келечекте көгүлтүр берметибиздин түпкүрүн изилдеген Кусто чыгаарына ишеним чоң.

Каталан картасы катары кеңири белгилүү болгон картада Ысык-Көлдүн түндүк чыгыш жээгинде крест салынган храм түрүндөгү белги коюлган, анын жанында түшүндүрмө текст жазылган: “Апостол Матвейдин кудурети сакталган деп айтылган армян бир туугандардын монастыры”. Азырынча урандылырды изилдөө иштери эч натыйжа бере элек. Балким, биздин окумуштуулар байыркы жашоочулардын изин таап алышы эч ажеп эмес. Көптөгөн чет элдик компаниялар жана жеке адамдар буга абдан кызыгып, изилдөө иштерин, казууларды жүргүзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бул эстеликти издөө иши археологиялык туризмди өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы болушу толук ыктымал.