Ыш

Википедия дан

Ыш — углеводородду чала күйгүзүүдө же ысытып ажыратууда пайда болгон кара түстөгү көмүртек продуктусу. Бөлүкчөлөр диаметрлери 0,05-0,08 А өтө майда, 90-95% көмүртек, 5-10% суутек турган зат. Тыгызд. 2 г/см3 Ыш бөлүкчөлөрү графит сыяктуу катмардан турат. Сырье катары таш көмүр чайыры, суюк отундар, табигый газдар пайдаланылат. Мисалы, метандан турган табигый газды пиролиздөөдө олефиндер, суутек жана Ы. пайда болот. Пайда болгон газ аралашмасынан Ы. суу менен жуу, чыпкалоо аркылуу бөлүп алат. 1 м3 газ 12 г ыш алынат. Ы. 90% резина өндүрүүдө активдүү бирикме катары пайдаланылат, резина материалынын бекемдигин күчөтөт. Кара лак, полиграфияда колдонулуучу кара боёк, көчүрмө кагаз, бут кийим майлоочу май алууда да колдонулат. Ыш зыяндуу түтүн түрүндө атм-аны булгайт, экологияга зыян келтирет. Ошондуктан отундарды жагууда чала күйгүзбөй, толук күйгөндөй шарт түзүү зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]