Ышкын

Википедия дан
Ышкын (‎»‎ барагынан багытталды)
Rheum rhabarbarum.

Ышкын, Чүкүрү (Ревень), (лат. Rheum, L. 1753) — кымыздыктар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Тамыры, сабагы жоон, ири жалбырактуу.

Гүлдүү сабагынын бийиктиги 20-100 см, туурасы 30-80 см, жоон, бутактанбайт, ичи көндөй же толук келет. Майда, ак же мала кызгылт гүлдөрү сабагынын башында машактай же шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Гүлү эки жыныстуу. Дарылыкка сабагы, тамыры колдонулат. Кыргызстанда 7 түрү белгилүү. Суука чыдамдуу, көлөкө жерде жакшы өсөт.

Курамында кант, органикалык кислоталар, калий, кальций, фосфор, магний туздары болот. Анын тамырынан даярдалган күкүмүнө спирт кошуп ичти жумшартуу үчүи колдонсо болот. Жергиликтүү эл эзелтен бери тамырын, уругун өңдөгүч жана боёгуч зат катары пайдаланышкан.

Ышкындын дагы бир дарылык касиети сабагынын кайнатмасын өт, бөйрөк, табарсык түтүкчөлөрүн тазалоо үчүн 1 л сууга 20 г майдаланган күкүмүн кошуп 3-5 мүнөт кайнатып, 3 маал 200 гдан 5-7 күн ичсе болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9