Эбелек

Википедия дан

Эбелек, камгак (лат. Ceratocarpus, L. 1753) – шакардуулар тукумундагы өсүмдүктөр уруусу. Бийикт. 5-30 см, бир жылдык чөп. Тасмадай жалбырагынын учу тикендүү, айрыдай бутактанган сабагына кезектешип жайгашкан. Гүлдөрү бир жыныстуу, эки бөлүктүү гүл коргонундагы аталык гүлү бир аталыктуу; энелик гүлү коргонсуз, мамычасы түктүү, чаң алгычы ичке. Бардык гүлдөрү жумуртка сымал ороочко камтылган. Мөмөсү катуу, жумуртка сымал, учу шибегедей тикендүү. Жер жүзүндө Чыгыш жана Түштүк Азияда жана Кыргызстанда эки түрү жарым чөлдө кумдуу жерде, кургак сайда, кургак боздөңдө, ошондой эле отоо катары айдоодо кездешет. Майда жана бодо малга жыл бою оттой турган жакшы тоют. Курамында чийки протеин 7,62 %, май 1,84, азотсуз зат 37,64 % бар. Өсүмдүктүн жалпы көрүнүшү шар сымал болуп, уругу бышкан кезде түбүнөн оңой сынат да шамал айдап, алыска тоголонуп, уругу алыска чачылгандыктан Э. же камгак деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]