Эбонит

Википедия дан

Эбонит (грек тилинен ebonos — кара жыгач) — табигый же жасалма каучукту көп өлчөмдөгү күкүрт (каучук массасынын 30-50% ) менен вулканизациялоодо алынган катуу зат. Э. жасалуучу аралашмага жылчыктар толтуруучу (мис., Э. же көмүр чаны), боёчу, вулканизацияны тездетүүчү, майышчаак жана ийилчээк кылуучу заттар кошулат. 55°С жогорку темп-рада Э. абдан ийилчээк болот, тыгызд. 1,15-1,68 г/см3, Юнг ченеми (модулу) 2-3 ЗГПа, g чою 50-70 МПа, р - 104-1015 Ом.см. Нымды жана газды өткөрбөйт, мех. жактан оңой иштетилет, химиялык реакцияларга туруктуу: өсүмдүк жана жаныбар майларына, негиздер эритмелерине, туздарга, кислоталар таасирине чыдамдуу. Негизги кемчилиги — морттугу (айрыкча төмөнкү темп-рада). Электр өткөрүмдүүлүгү төмөн. Электротехникалык тетиктер, аккумулятор бактарын жана башка щелочь эритмесин сактоочу идиштерди жасоодо колдонулат. Жешилүү жана коррозиядан сактоо үчүн химиялык аспаптар сырткы бети Э. жука катмары менен капталат. Андан тышкары тактача (пластинка), таякча (өзөкчө) жана түттүк түрүндө чыгарылып, радиотех. авиация, автотрактор жана химиялык ө. ж-нда колдонулат. Э. күн нуру, нефть майлары, бензин, керосин терс таасир берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]