Эвгеосинклиналь

Википедия дан

Эвгеосинклиналь (гр. еи - жакшы, толук, ge - Жер жана синклиналь) - геосинклиналь системасынын сырткы зонасына (миогеосинклиналь - геосинклиналдын платформага чектеш зонасы) салыштырмалуу кыймылы жогору жана магматизм продуктулары көп кездешкен ички зонасы.

Немец геологу X. Штилле 1940-ж. бөлгөн. Эвгеосинклиналь - жуздөгөн, миңдеген кмге созулуп жаткан тилке. Анын стратигр. кесиндисинин төмөнкү бөлүгү негизинен офиолиттен, жогоркусу - чөкмө тек катмарларынан, флиштен жана рифоген акиташынан туруп, жанартоо тектери кеңири таралган. Тоо тек катмарлары татаал бүктөлүүгө дуушарланган жана тектоникалык жабындылар да кездешет. Эвгеосинклиналь океан алаптарында жана океандык кыртыштан континенттик кыртышка өтмө зоналарда пайда болуп, өнүгүүнүн бир нече стадиясынан өтөт. Алгач океандык стадияда терең суу астындагы чөкмөлөр жана вулканиттер топтолот. Андан кийин аралдар тизмеги жана четки деңиздер жаралса, акырында гранит-метаморфизм катмарларынын калыптанышы (бүктөлүү менен бир учурда) менен континенттик кыртышка айланат. Э-да платина, хром, темир, жез, полиметалл, асбеет кенташтары кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4